ЖЭБдеги кырдаал парламентте талкууланат
Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети Бишкек жылуулук борборундагы соңку кырдаал менен таанышып, жеринде көчмө жыйын өткөрдү. Анда депутаттар аталган ишканадагы кырдаалды талкуулап, бул багытта депутаттык комиссия түзүү, маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароо чечимине келишти.
Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышып, түзүлгөн кырдаал үчүн бишкектиктерден кечирим сурады.
Шадиевдин айтымында, кырдаалды иликтеген өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктаса, тиешелүү мекемелердин башчылары кызматтан алынат. Ал бүгүн борбор калаада жылуулук да, ысык суу да калыбына келерин билдирди.
Бүгүн Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдык 26-январдын кечинде иштен чыгып, абоненттер жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, башкалаа тургундарынын катуу нааразылыгын туудурган. Бийлик муну өндүрүштүк кырсык деп сыпаттоого болбой турганын жана жылуулук бүгүн калыбына келерин билдирип жатат. Учурда айрым райондордо жылуулуктун температурасы көтөрүлө баштаганы кабарланууда. Жылуулук борборуна жакын жайгашкан Туңгуч, Аламүдүн райондорунун айрым жашоочулары батареялар мурдагыдай эле муздак экенин "Азаттык" радиосуна маалымдашты. (NT)