Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 25.01.2018

Трамп Давос форумуна катышуу үчүн Швейцарияга келди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Швейцарияга, Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн бүгүн келди. Иш сапары эки күнгө эсептелген. Ак үй анын визитин АКШнын бизнесин илгерилетүү жана АКШнын глобалдык экономиканын өсүшү үчүн милдеттемесин дагы бир жолу ырастоо катары мүнөздөдү. Бүгүн ал Давосто Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Европанын АКШда “кеңири” иш жүргүзгөн компанияларынын башчылары менен жолугат. Читать дальше...

Ала-Букада шамалдан жабыркагандар камсыздандыруу каражатын алышты

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылындагы катуу шамалдан турак жайларынын чатыры бузулган 20 адамга Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 5 миңден 50 миң сомго чейин акча берди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей,  жабыркагандарга акчанын сертификатын аталган мекеменин жетекчиси Жумагүл Эгембердиева тапшырып, элди турак жайларын камсыздандырууга чакырды. Былтыр 27-декабрда Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундуна 30 метрге жеткен катуу шамал болгон. Андан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан.

Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар төрт миңден ашты

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны төрт миңден ашты. Алардын 70% жаш балдар. Январдын баштапкы эки жумасына салыштырганда бейтаптардын саны 19% өскөн. Сасык тумоо менен ооругандар жылына декабрь, январь айларында көп болот. Мекеменин Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, сасык тумоого байланыштуу ооруканаларда кошумча койкалар коюлду: - Оорукана, бейтапканаларда киши толуп... Читать дальше...



Миланда поезд жолдон чыгып кетти

Azattyk.org 

Кырсык бүгүн эртең менен Италиянын каржы борбору Милан шаарынын 40 чакырымдай аралыкта болгон. Мамлекеттик "Ferrovie dello Stato" компаниясынын поезди рельстен чыгып кеткенде 3-5 адам каза тапканы, дагы 5-10 киши жаракат алганы кабарланууда. Темир жолдогу кырсыктын себептери азырынча расмий айтыла элек. (UE)

Бекешев: Жол кырсыгынын күнөөкөрү жазадан кутула албайт

Azattyk.org 

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев сөз болуп жаткан документ тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Анын айтымында, президент кол койгон бул мыйзамга ылайык жол кырсыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жатат. - Мисалы, киши жол кырсыгынан каза болсо күнөөлүү тарап маркумдун туугандары менен сүйлөшө албайт. Акча берип, иштип жаптырып коюуга болбойт. Иш толук изилденип, андан кийин сотко жиберилиши керек. Читать дальше...

Крымда кайрадан тинтүү жүргүзүлдү

Azattyk.org 

Орусиялык күч түзүмдөрдүн тинтүүсү бул ирет Крымдын Жанкой жана Нижнегорск райондорунда жүргүзүлгөн.  Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун "Крым.Реалии" сайтынын кабарчысына жергиликтүү активист, “Крым тилектештиги” деген коомдук бирикменин өкүлү Сервер Мустафаев билдирди. Бүгүнкү тинтүүдөн кийин Энвер Крош жана Эбазер Ислямов аттуу эки активист полиция бөлүмүнө жеткирилген.  Активист Сервер Мустафаевдин айтымында, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өз аракеттерин үйлөрү тинтилген адамдарын... Читать дальше...

Кыргызстанда жол кырсыктары үчүн жаза катаалдашты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда  “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Негизинен Кылмыш-жаза кодексинин 281( "Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу"), 284 (Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок кишиге аны башкарууга жол берүү) жана 285 (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) беренелерине өзгөртүү киргизилди. Читать дальше...

Кыргызстанда жол кырсыктары үчүн жаза күчөтүлдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда  “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Негизинен Кылмыш-жаза кодексинин 281( "Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу"), 284 ("Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок кишиге аны башкарууга жол берүү") жана 285 ("Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу") беренелерине өзгөртүү киргизилди. Читать дальше...



Иззат Артыковду таптаган чыгаан устат Үсөнкан Майназаров тууралуу 7 факты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Оор атлетчилер династиясы аталып, Азиянын 20 чемпионун даярдаган чыгаан устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык спорт чебери Үсөнкан Майназаров бүгүн, 25-январда, 50 жашка толду.

Жапон деңизинде орус кемеси жоголду

Azattyk.org 

Балыкчылардын “Восток” кемеси Жапон деңизиндеги катуу шамал учурунда жоголгон. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин Приморск крайы боюнча башкармалыгы билдиргендей, кеменин бортунда 21 киши болгон жана алардын баары Сахалиндин жашоочулары. Кеме Түштүк Кореядагы Донхэ портунан Сахалинге келе жаткан. Жоголгон кемени издөөгө чек арачылардын кемеси жана Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтеринин тик учактары жөнөтүлгөнү кабарланды. (UE)

АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги жарыялаган жаңы тизмеде Түндүк Кореянын компаниялары менен банктарынын көбүнчө Кытайда жана Орусияда жайгашкан он өкүлү, жүк ташуучу беш компаниясы, алты кемеси, ошондой эле Кытайдын эки соода фирмасы бар. АКШнын санкциясына ылайык америкалык жарандар жана компаниялар алар менен кызматташа албайт. Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин өз билдирүүсүндө алар “Ким Чен Ындын режимин жана анын өзөктүк программасын каржылаган жеке адамдар менен ишканаларды... Читать дальше...

Трамп Давоско келгени жатат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга бүгүн келери күтүлүүдө. Ак үй анын сапарын АКШнын бизнесин илгерилетүү жана АКШнын глобалдык экономиканын өсүшү үчүн милдеттенмесин дагы бир жолу ырастоо катары мүнөздөдү. Бүгүн ал Давосто Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Европанын АКШда “кеңири” иш жүргүзгөн компанияларынын башчылары менен жолугат. Ал эми Давос форумунда ал эртең сөз сүйлөмөкчү. Читать дальше...

Эрдоган Сириядагы операцияны улантууга убада берди

Azattyk.org 

Түркиянын президенти бул тууралуу 24-январда АКШнын президенти Доналд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин айтты. Трамп болсо сүйлөшүүдө Эрдоганды “түрк жана америкалык күчтөрдүн кагылышуусуна алып барышы мүмкүн болгон чаралардан оолак болууга” чакырган. Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерстин билдиргенине караганда, президент Трамп сүйлөшүү учурунда Түркиянын Африндеги операциясы эки тараптын “Ислам мамлекети” тобун жеңүү боюнча орток максаттарына шек келтирип жатканын” белгилеген. Сириянын түндүк-батышында... Читать дальше...

26-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 26-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы:  Чүй облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -10...-15; Таласта түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...4; Баткенде түнкүсүн -4...-9... Читать дальше...

Күбөлөр Шыкмаматовдун тендерге катышпаганын билдиришти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланууда. Бүгүн "тендер менен алынды" деген автоунаанын ээлери, тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү көрсөтмө беришти. Алардын көпчүлүгү Шыкмаматовдун тендерге тиешеси болбогонун айтышты. 2011-жылы Эсеп палатасы тендер аркылуу сатып алган "Мерседес Бенц Е320" автоунаасына ээлик кылган күбөлөрдүн бири Айбек Айдаров машинесин башында 17 миң долларга баалап, бирок Эсеп  палатасына 14 миң долларга сатканын... Читать дальше...

Жол коопсуздук башкармалыгы жол кырсыгына дипломаттар катышканын төгүндөдү

Azattyk.org 

Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы дипломатиялык номердеги машине жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти деген маалыматты четке какты.  Аталган мекеменин билдиришинче, "Ауди-100" үлгүсүндөгү автоунаа бир кишини коюп кетип, ал Бишкектеги төртүнчү ооруканага жеткирилген. Айдоочу качкан эмес, автоунаасы айып жайына токтотулган. Ал эми жол кырсыктан жабыркаган 2000-жылы туулган кыз ооруканага жеткирилген. Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары күбөлөргө таянуу менен башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов... Читать дальше...

Жол коопсузду башкармалыгы жол кырсыгына дипломаттар катышканын төгүндөдү

Azattyk.org 

Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы дипломатиялык номердеги машине жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти деген маалыматты четке какты.  Аталган мекеменин билдиришинче, "Ауди-100" үлгүсүндөгү автоунаа бир кишини коюп кетип, ал Бишкектеги төртүнчү ооруканага жеткирилген. Айдоочу качкан эмес, автоунаасы айып жайына токтотулган. Ал эми жол кырсыктан жабыркаган 2000-жылы туулган кыз ооруканага жеткирилген. Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары күбөлөргө таянуу менен башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов... Читать дальше...

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү Орусиядан экстрадициялана элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кат ары кармалган адам Орусиядан экстрадициялана элек. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, аны өткөрүп алуу боюнча Орусияга өтүнүч жиберилген. Азыр ал өтүнүч каралып жатат. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 18-январда Саляновду өлтүрүүгө шектүү катары Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну Москва шаарынан кармалганын кабарлаган. ИИМ ал мурда талап-тоноо... Читать дальше...

Казакстанда суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

Azattyk.org 

Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган. «Казинформ» маалымат агенттиги кабарлагандай, автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты. Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Джиган решил заняться продажей пива





Персональные новости
Концерт

Концерт "Две музы"





Бишкекте акын Эгемберди Эрматов эскерилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарында акын Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган "Мени издесең ырларымдан табасың" аттуу кече өтүп жатат. Иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган. Ага президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү катышып жатат. Кечеде Эрматовдун чыгармачылыгын баяндаган тасма көрсөтүлдү, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын студенттери, "Нур борбор" чыгармачылык академиясынын мүчөлөрү маркумдун калемине таандык ырларды окуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Читать дальше...

Сууктан улам бардык мектептерде окуу 30-январга чейин токтотулат

Azattyk.org 

"Аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулду. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим тиешелүү мыйзамга ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында кабыл алынды. Ага ылайык, беш күн билим берген мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен толукталат.  Ал эми алты күндүк жадыбал менен иштеген мектептер азыркы эс алуу күндөрүн жазгы каникулда толуктайт.... Читать дальше...

Өпкө оорулары боюнча Бишкек шаары алдыга чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаарында абанын кирдешинен улам өпкө оорулуулар жыл санап көбөйүп баратат. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, соңку кезде атмосферанын булганышы өпкө, жүрөк, рак илдеттерин пайда кылышы ыктымал:   - Дүйнөдө 7 миллионго жакын адам абанын бузулганынан ооруп, өлүмгө учураган деген далилденген маалымат бар. Демек, абанын булганганы ооруга алып келет, адамдын өмүрүн кыскартып, өлүмгө да кептейт. Читать дальше...

Сууктан кантип сактанып жатасыз?

Azattyk.org 

Синоптиктер аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, сууктун күчү айрым аймактарда -25…-30° чейин түшөрүн маалымдашууда. Сууктан улам Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 30-январга чейин токтотула турган болду. "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Сууктан кантип сактанып жатасыз?" деген суроо менен микрофон сунду.

Гуманитардык уюм Ооганстанда ишин токтотот

Azattyk.org 

24-январда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары Ооганстандын Жалалабад шаарында Save the Children эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салды. Кеминде беш киши окко учту, 12 киши жарадар болду. Ошол эле күнү 20-январда талип согушкерлери Кабулдагы мейманканага чабуул койгондо набыт кеткен украиналык жети жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

Давос: Кыргыз учактарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан 48-дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы 24-январда Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчиси менен жолугушту.  Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, анда Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык авиация уюмунун "кара тизмесинен" чыгаруу маселеси көтөрүлдү:  - Эл аралык авиация уюмунун башчысы бизге жакшы сунуштарды берди. Ошолордун баарын эске алып, иштейбиз деп турабыз. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Жители и гости Москвы смогут посетить фестиваль «Московская весна»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Песков рассказал, как аномальная погода повлияла на парад Победы в Москве





Путин в России и мире
Москва

Президент Путин 9 мая заявил, что Запад пытается исказить правду о Второй мировой войне


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко вернулся с парада Победы в Минск: "Ядерный апокалипсис неминуем"




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве налоговая потребовала взыскать долг с Алексея Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия



Москва

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net