Жол коопсуздук башкармалыгы жол кырсыгына дипломаттар катышканын төгүндөдү
Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы дипломатиялык номердеги машине жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти деген маалыматты четке какты.
Аталган мекеменин билдиришинче, "Ауди-100" үлгүсүндөгү автоунаа бир кишини коюп кетип, ал Бишкектеги төртүнчү ооруканага жеткирилген. Айдоочу качкан эмес, автоунаасы айып жайына токтотулган. Ал эми жол кырсыктан жабыркаган 2000-жылы туулган кыз ооруканага жеткирилген.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары күбөлөргө таянуу менен башкалаанын Турусбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде дипломатиялык номердеги машине эки адамды коюп кеткенин жазып чыгышкан.
Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн деген машине дипломатиялык номердеги кара түстөгү жол тандабас экени тартылган сүрөттөрдү жарыялап, анын айдоочусу кетип калганын, жабыркагандарды "Тез жардам" алып кеткенин билдиришкен.