Дума талаштуу тил мыйзамын жактырды
![Дума талаштуу тил мыйзамын жактырды](https://gdb.rferl.org/B289997F-6F8D-4516-94E5-2C10EBBDC070_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Орусиянын Мамлекеттик Думасы бир канча айдан бери талаш жараткан тил мыйзамын жактырды. Ага ылайык, Орусиянын жумурияттарындагы мектептерде окуучу кайсы тилди эне тил предмети катары окуй турганын мындан ары анын ата-энеси чечмекчи. Татарстан сыяктуу жумурияттардын активисттери эми чакан этностордун тили орус тилинин көлөкөсүндө калат деп кабатыр болуп жатышат.