Ысык-Көлдө балыкчылардын форуму өтүп жатат
![Ысык-Көлдө балыкчылардын форуму өтүп жатат](https://gdb.rferl.org/573EE4B7-EAE4-48E1-96C7-B6E27BCF0B23_cx0_cy9_cw0_w800_h450.jpg)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда балык чарбасын өнүктүрүү багытында 2018-2027-жылдарга программасын ишке ашыруу үчүн алгачкы улуттук форум өткөрүп жатат.
Форум Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы пансионаттардын биринде болууда.
Талкууга өкмөт жана парламент өкүлдөрү, балык өстүргөн чарбалардын жетекчилери, фермерлер, каржы институттарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын негизги максаты балык чарбасындагы бүгүнкү күндөгү маселелерди көтөрүп, аларды чечүү жолдорун аныктоо экени айтылды.
Адистердин белгилешинче, учурда өлкөдө 2150 тонна балык өндүрүлөт. Бул көлөм адам керектөөсүнүн 4 пайызын эле жаап жатат. Ал эми экспортко 225 тонна балык чыгарылат. Негизинен Казакстан мене Орусияга жөнөтүлөт. (AsM)