WSJ: Орусия үчүн иштеген хакерлер АКШнын энергосистемасын бутага алышкан
Орусия үчүн иштеген хакерлер өткөн жылы жүздөгөн америкалык электр системаларын бузуп киришкен. Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук мекемесине шилтеме менен "Wall Street Journal" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, хакерлер энергетикалык инфраструктураны тейлеген фирмалардын компьютерлерине кире алышкан. Алар энергетикалык системалардын түзүлүшү жана башкарылышы тууралуу маалыматтарды уурдашкан. Муну менен электр энергиясын жапырт өчүрүү коркунучу туулуп жатат. Айрым булактардын маалыматы боюнча, чабуулдун артында орус бийлиги менен байланыштагы "Energetic Bear" деген топ турат. Кремл хакерлерди колдогонун четке кагып келатат.
Буга чейин АКШ Орусиянын башкы аскердик чалгын мекемесинин - ГРУнун 12 болжолдуу хакерине сыртынан күнөө таккан. Болжолу менен алардын Кошмо Штаттардагы шайлоого таасир этүү аракетине тиешеси бар.
Негизинен энергетикалык жана өнөр жай ишканаларын бутага алган "Energetic Bear" тобу 2010-жылдан бери жандуу аракеттене баштаган.