Валентина Шевченко сентябрда Никко Монтаньо менен беттешет
8-сентябрда Техастын Даллас шаарында (АКШ) белгилүү кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко спорттун эрежесиз мушташ (UFC) боюнча чемпиондук наам үчүн Никко Монтаньо менен беттешет. Бул тууралуу UFCнин расмий сайтында маалымдалды.
Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат. Кийинки жылдары эрежесиз мушташ боюнча эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келатат. “Аялдар арасындагы мыкты тайбоксчу” наамы бар. Алгачкы титулун таэквондо боюнча 2002-жылы алган. (TSh)