Кичи-Памирдеги кыргыздардын башчысы каза болду
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында көзү өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлады. “Памир Пресс” басылмасы катуу ооруган ханды Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага алып барышканын кабарлаган.
Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн. (BCh)