АКШ жана Түндүк Корея америкалык аскерлердин сөөгүн кайтаруу боюнча сүйлөштү
АКШ жана Түндүк Кореянын делегациялары Корей жарым аралындагы согуш учурунда каза болгон америкалык аскерлердин сөөгүн кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүү Пханмунжом чек ара пунктунда өттү.
Алгач жолугушууну 12-июлда өткөрүү сүйлөшүлгөн. Бирок түндүк кореялык тарап даярдык бүтпөй калганын себеп кылып, 15-июлга жылдырган.
1950-53-жылдардагы Корей согушунда жети миңден ашуун америкалык аскер дайынсыз жоголгон.
Пентагондун маалыматы боюнча, буга чейин Түндүк Корея бийлиги 200гө жакын америкалык аскердин сөөгү табылганын билдирген.