Жапонияда нөшөрдөн каза болгондордун саны 60тан ашты
Жапониянын батышындагы Курашики шаарында болуп көрбөгөндөй нөшөр төгүп, анын айынан каза болгондордун саны бери дегенде 66га жетти.
Миңдей киши үйсүз калып, жүздөйү ооруканада жатат. Соңку маалыматтарга караганда, 60тай киши дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн улуттук телеканалы NHK кабарлады. Суу ташкынына байланыштуу куткаруучулар тик учак жана кайык колдоно баштады. Көнөктөп жааган жаандан улам дарыялар кирип, көчкү жүрүп жатат.
Жапониянын телеканалдары жергиликтүү ооруканалардын балкондорунда куткаруучуларды күтүп жаткан жарандарды көрсөтүшкөн. Видеодон сууда агып бараткан автомобилдерди да көрүүгө болот.
Жапонияда эки күндөн бери нөшөр жаап, сел жүрүүдө. Жергиликтүү калк үйдүн чатырларында коргонуп жатышат. (КЕ)