Аба ырайы: Ысык 40 градуска жетет
9-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 35...40;
Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32;
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 31...36 градус болот.
Бишкекте 9-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.