“Зимняя вишняга” биринчи келген өрт өчүрүүчү камалды
Орусиянын Кемерово облусунда ондогон кишинин өмүрүн алган “Зимняя вишня” соода борборундагы тилсиз жоону өчүрүү үчун келген өрт өчүрүү кызматынын биринчи отрядынын башчысы Андрей Бурсин камалды.
Ал "шалаакылык кылган" деп айыпталып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Бурсин окуя болгон жерде чалгындоо жана күчтү колдонуу иштерин жасаган эмес. Буга чейин ал өрт чыккан учурда соода борборунда канча киши болушу ыктымалдыгын айтып, тосуп алган администрация жетекчилери жок болгонун айткан.
Бурсин өрткө байланыштуу кармалган биринчи өрт өчүрүүчү эмес. Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети “Зимняя вишня" соода борборундагы өрткө байланыштуу Кемерово облусунун чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчилигине каршы кылмыш ишин козгогон. Кырсык 60 кишинин, анын ичинде 41 баланын өмүрүн кыйган. Жетекчилер шалаакылык кылган жана мамлекеттик акчаны максатсыз пайдаланган деп шек саналууда. Буга чейин соода борборундагы кырсыкка байланыштуу сегиз киши камалган.