Жапонияда нөшөрдөн каза болгондордун саны 45ке жетти
Жапонияда катуу нөшөр жана андан кийинки селден улам каза болгондордун саны 45ке жетти.
Бул тууралуу бүгүн коомдук Эн-эйч-кей телеканалы кабарлады. Соңку маалыматтарга караганда, 50гө чукул адамдын дайыны чыкпай жатат. Өлкөнүн Өзүн өзү коргоо күчтөрү издөө иштерин улантууда. Куткаруучулар тапкан беш киши азырынча эсине келе элек. Куткаруу иштерине 48 миң өрт өчүрүүчү, полиция жана аскер кызматкерлери тартылды.
Жапониянын императору Акихито акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн түндүк тарабына пландалган сапарын жылдырды.
Нөшөрлөп жааган катуу жаанга Жапон деңизиндеги “Прапирун” тайфунунун таасири себеп болгон. (КЕ)