"Карыздын айынан "карын эне" болдум..."
Бүгүнкү күндө “карын эненин” жардамы менен балалуу болуу кыргызстандык үй-бүлөлөрдө деле кадыресе көрүнүшкө айланды. Ага жараша кызмат көрсөтүүчү жеке менчик саналуу клиникалар да пайда болду. Бирок уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жана "карын эне" кызматын көрсөткөндөр, андан пайдалангандар боюнча маалыматтар купуя болгондуктан маалымат коомчулукка айтылбайт.