Бишкектин биринчи вице-мэри камакка алынды
Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов жана мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Ренат Макенов 6-июлда Бишкектин №12 кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу УКМКга сурак берген. Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда.
Ренат Макенов былтыр августтан бери Бишкектин биринчи вице-мэрлигин аркалап жүрөт. (КЕ)