Пашинян: бай-манаптардын доору бүттү
Арменияда коррупцияга каршы күрөш уланууда. Анын алкагында эски иштер жанданып, буга чейин кол тийгис болуп келген адамдар суракка тартылууда. Кечээ мурдагы президент Роберт Кочерян он жыл мурдагы митингдеги кандуу окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылды. Быйыл бийликтен кеткен дагы бир президент Серж Саргсяндын жакындары да бир катар кылмыштарга шектелип жатат.