Түркияда Эрдоган ант берген күнү өзгөчө абал тартиби жоюлат
Түркияда өзгөчө абал тартиби 9-июлда жоюла турганын премьер-министр Бинали Йылдырым билдиргенин 5-июлда мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги кабарлады. Өлкөдө өзгөчө абал тартиби 2016-жылдын июль айындагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген.
9-июлда Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган экинчи мөөнөтүнө расмий киришип, ант берип, жаңы өкмөттүн курамын жарыялашы күтүлүүдө. Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү менен аткаруу бийлиги да президенттин колуна өткөнү турат.
Президенттин оппоненттери алдыда эми “бир адамдын бийлиги” буга чейинкиден да күчөй турганын айтып, сындап келе жатышат.
- Сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин башкы ыйгарым укуктары бир адамдын колуна топтолот. Бир адамды көзөмөлдөп, чектеген эч бир институт болбойт. 81 миллион кишинин тагдыры бир адамдын ырайымында калат. Биздин бүгүнкү жашообуз - бир адамдын режиминин башталышы гана, - деген эле 17-июнда Эрдогандын шайлоодогу атаандаштарынын бири, Элдик-демократиялык партиянын лидери, азыр түрмөдө олтурган саясатчы Салахиттин Демирташ .
Эрдоган болсо жаңы система өлкөнү өнүктүрөт деп эсептейт.
Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши 4-июлда жарыялагандай, ал 24-июндагы мөөнөтсүз шайлоодо 52,59% добуш менен жеңишке жетишти. Анын АК партиясы 600 орундуу парламенттен 295 орун алды. АК партиянын саясий өнөгү Улуттук кыймыл партиясына 49 мандат тийди. Бул аркылуу алар парламентте жөнөкөй көпчүлүктү камсыз кыла алышат. (UE)