Медреседе окуган жаштар кесип үйрөндү
Кыргызстандагы медреселерде иштеп, окуган жаштар кесип үйрөндү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Айыл жергесиндеги жаштарды кесипке үйрөтүү” долбоорунун өкүлдөрү кабарлашты.
Жети облустан тандалып алынган медреселерге атайын жабдуу да таркатылып берилди.
АКШ грант бөлүп каржылаган долбоордун алкагында 17 медреседе ашпозчу-кондитер, компьютер колдонуучу, бал челекчи, ширетүүчү, электрик жана тигүүчү кесиптери үйрөтүлдү, англис тили боюнча эки айлык курс уюштурулду.
Атайын окуу курсун бүтүргөн жаштардын 70% жумуш менен камсыз болду. (RK)