Орусиянын соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айып салды
Москванын райондук сотунун 5-июлдагы чечимине ылайык, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу 100 миң рубль (1600$) айып төлөөсү керек.
Муну менен сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусиянын “чет элдик агенттер” деп аталган, медианын ишин тескеген мыйзамынын жол-жобосун аткарган эмес деп тапты.
Ал эми сотто бул медиакорпорациянын кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Орусиянын Юстиция министрлиги бир нече жолку кайрылууларга карабай, мыйзам талаптары, мамлекеттик органдарга каржылык отчет берүүнүн тартиби боюнча ачык-айкын түшүндүрмө бербегенине көңүл бурушту. Учурда алар сот чечимине укуктук реакция жасоонун жолдорун караштырып жатышат.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент бул сот жараянын “орус бийликтеринин медиакорпорациянын ишине тоскоолдук кылуу боюнча аракеттер топтомунун жана анын журналисттерине каршы шектенүү жаратуу өнөктүгүнүн жаңы баскычы”,- деп мүнөздөдү.
Томас Кенттин пикиринде, Орусиянын жаңы мыйзамы башынан эле саясий максатты көздөгөн. Анткени Орусияда иштеген бардык чет элдик маалымат каражаттары арасынан каржылоосу АКШ Конгрессинин грантынын негизинде жүргүзүлгөн гана маалымат каражаттарына “чет элдик агент” деген макам ыйгарылган.
“Бул мыйзамды бизге гана каршы багытталган деп санайбыз. АКШнын мыйзамдары биздин корпорациянын редакциялык көз карандысыздыгын кепилдейт. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу кайсы бир өкмөттүн агенти деген жоромол жалган түшүнүк. Мындай жоромолдор биздин Орусияда иштөө мүмкүнүчүлүгүбүзгө буга чейин эле таасирин тийгизди жана биздин Орусиядагы кызматкерлерибизге коркунуч жаратат”, - деди Кент.
Орусияда медиага да “чет элдик агент” деген макам берген мыйзам былтыр ноябрь айынан тарта күчүнө кирген.
Андан кийин Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык" радиосун, “Америка добушу” радиосун жана ага байланышы бар бир нече жаңылыктар кызматтарын “чет элдик агенттер” деп аныктаган. (UE)