Ысык-Көлдө талапты аткарбаган 8 пансионат жабылды
Ысык-Көлдүн жээгинде Мамлекеттик экологиялык техникалык инспециянын текшерүүсүнөн кийин санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионат жабылды.
Бул тууралуу “Азаттыка” ушул кызматтын ага инспектору Жаркынай Амантурова билдирди. Анын айтымында, эки айдан бери жалпысынан 193 пансионат, санаторий, эс алуучу жайлар текшерилип, алардын дээрлик 60 пайызына тазалык нормалары боюнча эскертүүлөр берилген.
Бир айлык убакыттан кийин башында эскертүү алгандар кайра текшерилип, талаптар аткарылганы аныкталды.
Ал эми гигиена, айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын аткарбаган "Геолог", "Тулпар", "Билимдер академиясы", "Аян Резорт", "Саякат" ж. б. пансионаттарга иштөөгө уруксат берилген жок. (BCh)