Кыргызстан БУУ жыйынында тоо экосистемасы жөнүндө сөз сүйлөдү
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин 28-январда уюмдун 2021-жылдагы артыкчылыктуу багыттарын айтып берген брифингде Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жыйырма беш мамлекет мүчө болгон Тоолуу өлкөлөр тобунун атынан сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө коронавирус пандемиясында экосистеманы коргоо жана тоолуу өлкөлөр дуушар болгон көйгөлөргө көңүл бурууга чакырды. Кыргызстан уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин экология жана Тоолуу өлкөлөр тобунун кызматташтыгын артыруудагы иш-чараларын колдоого даяр экенин билдирди. (TSh)