Трампка импичмент жарыялоо боюнча сунуш Сенатка жөнөтүлөт
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы мурдагы президент Дональд Трампка карата импичменттин беренелерин Сенатка бүгүн жөнөтөт. Мурдагы президентке ушул жылдын 6-январында тарапташтарын Капитолийге чабуул коюуга шыкактаган деген айып коюлууда. 13-январда демократтар көзөмөл кылган Өкүлдөр Палатасынын көпчүлүк мүчөлөрү Трамптын импичменти үчүн добуш беришкен. Эми Сенатта бул маселе өтүш үчүн Республикалык партиянын кеминде 17 мүчөсү демократтардын бул сунушун колдошу керек.
Дональд Трамп АКШнын тарыхында эки ирет импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөрүлгөн алгачкы президент болуп калат. Эгер бул жолу Сенат импичмент боюнча демилгени колдосо, Трамп мындан ары шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Сенаттагы бул маселе боюнча талкуу 8-февралдан кийин башталат. Бул иште айыптоочу болуп жаткан конгрессмендерге жана Трамптын адвокаттарына даярданууга убакыт бериш үчүн кыскача тыныгуу берилди.
Дональд Трамп 20-январда кызмат мөөнөтү бүттү. 6-январда Конгресстин имараты – Капитолийге Трамптын тарапташтары полицияны жиреп мыйзамсыз кирип кетип, АКШ Конгрессинин кош палатасынын орток отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышууда беш киши мерт болгон.