Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Илон Маск быйыл төгөрөктүн төрт бурчуна интернет жеткирмекчи

0
Илон Маск быйыл төгөрөктүн төрт бурчуна интернет жеткирмекчи

Илон Масктын “SpaceX” компаниясы 24-январда орбитага 10 жандоочуну жана 133 жабдууну жеткирди. Дүйнөдөгү эң бай киши болуп калган миллиардер Маск 2021-жылы жер жүзүн интернет менен камсыз кылуу кыялын ишке ашырууга талаптанууда.

Орбитага баалуу жүктөр жеткирилди

Айтылуу ишкер Илон Маск негиздеген “SpaceX” компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону мүдөө кылган  “Starlink” илимий-өндүрүштүк долбооруна ылайык, жекшембиде “Falcon 9” ракетасы аркылуу космостук орбитага жеке менчик жана өкмөттүк 133 космостук жабдууну жана жердин 10 жасалма жандоочусун чыгарды.

Оор жүк ташууга жөндөмдүү “Falcon 9” ракетасы “Transporter-1” программасынын алкагында орбитага рекорддук сандагы жүктү жеткиргендиги тууралуу 24-январда “SpaceX” компаниясынын маалымат кызматы шардана кылды.

Ракета 24-январда АКШнын Чыгыш жээгинин убакыты боюнча саат 10:00до (Бишкекте саат 21:00де) Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулган.

Ракетанын көп баскычтуу жабдуусунун биринчи жабдуусу ракетадан жөн гана ажырап тим болбостон, Атлантика океанында жайгашкан деңиздеги автоматтык түрдө башкарылган пайдубалга кондурулган. “Албетте, мен сени дагы эле сүйөм” (“Of Course I Still Love You”) деп аталган бул деңиздеги платформа Канаверал тумшугунан 533 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Жер жүзү интернетке каныгабы?

2021-жылы 20-январда “Falcon 9” ракетасы Жердин орбитасынын төмөнүрөөк сересине чакан 60 жасалма жандоочуну жеткирген болчу. Ага чейин мындан башка да ар кыл жабдууларды жеткирген учуулар 16 жолу жүзөгө ашырылган.

Болочокто “SpaceX” компаниясы “Starlink” интернет желесинин 30 миңдей жабдуусун орбитага тизип, төгөрөктүн төрт бурчундагы калктарды интернет байланышы менен камсыз кылуу үчүн эбегейсиз зор санариптик маалымат таркатуу чынжырын калыптандырат.

Оболу Түндүк Америка аймагы интернет желеси менен камсыздалат. 2021-жылдын соңуна чейин бүт дүйнө жүзү интернет байланышы менен космостон жабдылат.

Адамзаттын маалыматты эркин алышы үчүн өзгөчө зарыл бул заманбап долбоор 10 миллиард доллардык капиталдык салымды талап кылаары алдын-ала эсептелген.

Илон Масктын башка саамалыктары

Илон Маск электромобилдерди чыгарчу «Tesla» компаниясын жана космоско туристтерди ташуучу «SpaceX» компаниясын негиздеген.

2020-жылы май айында «SpaceX» компаниясы эки астронавт менен учурган «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос бекетине келип жалгашкан. Ошентип, адамзат тарыхында биринчи жолу жеке ишкердин компаниясы чыгарган космостук кеме менен астронавттар орбитага чыгарылган.

2020-жылы августта америкалык миллиардер Илон Маск илимий чөйрөдө дагы бир чоң саамалык жасады.

Эки айдан бери мээсине орнотулган чип менен жашап жүргөн чочкону көрсөтүп, «мына, Гертруда, ден соолугу чың, бактылуу, жашоону сүйгөн чочко» деген Маск жакын арада жасалма акыл чиптерин адамда да сынап көрүүгө мүмкүн болорун былтыр августта кабарлады.

Мээге орнотулчу мындай имплантат омурткасы сынып, шал болуп калгандарга, сүйлөө, басуу жөндөмүнөн ажырагандарга, Альцгеймер оорусу сыяктуу эстутуму начарлап, акыл-эс ооруларына чалдыккандарга жардам бере алат. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефондогу, смартфондогу атайын программага чыгарат.

Маск мырза жасалма акыл чиптерди ойлоп табууга 100 миллион доллардык инвестиция салып, бир нече өлкөдөн жүздөгөн окумуштууларды ишке тарткан.

«Тесла» компаниясынын жетекчиси Маск үч жыл ичинде электромобилдерди эки эсе арзандатып, 25 миң долларга чейин түшүрүүгө убада берди. Ошол эле учурда автоунаанын электр кубаты топтолгон батареясынын кубаты жогорулай турганын  ал 2020-жылы 23-сентябрда компаниянын баалуу кагаздарынын ээлеринин жылдык жыйынында жарыялады. Учурда «Тесланын» эң арзан «Model 3» электр унаасы 38 миң доллар турат.

2021-жылдын 7-январында Илон Маск дүйнөдөгү эң бай ишкер болуп калды. Анын байлыгы 185 миллиард АКШ долларына тете деп жарыяланды.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Вблизи деревни Алхимово в ТиНАО к 1 сентября откроется новая школа


Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

При каких обстоятельствах может затопить Петербург и Москву? Отвечает гидролог





Путин в России и мире
Москва

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган запретит дочери Ариеле встречаться с определенной категорией парней



Москва

Бренд Yeelight объявляет о сотрудничестве с SignalRGB

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net