Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Интернеттен көрүүчү издеген кыргыз сериалдары

0
Интернеттен көрүүчү издеген кыргыз сериалдары

Кыргызча сериалдар «YouTube» каналында популярдуу болуп, чыккан күнү эле 100 миңден ашык көрүүчү топтоп жатат. Алардын дээрлик баарын жеке менчик компаниялар тартууда.

«Кошунаны тандабайт» - «Ютубдагы» кыргыз сегментиндеги эң популярдуу сериалдардын бири. Анын бир сериясын эле кеминде 1,5 миллионго жакын көрүүчү көрөт.

12 бөлүмдөн турган сериалды 2019-жылы «1.1TV» компаниясы тарта баштаган. 2020-жылы сериалдын экини сезону жарык көрдү. Тасмада шаарда жашаган кошуналардын жашоо-турмушу сүрөттөлөт.

Сериалдын режиссеру Радик Эшимов тасма демөөрчүлөр тарабынан каржыланарын айтып, буларга токтолду.

«Сериалга каражат киного караганда көбүрөөк кетет. Кинону бир сааттык кылып тартса, биз сериалды жарым сааттан бөлүп төрт сааттан ашык тартабыз. Мында эки эсе каражат кетет. Ал эми сериалды «Ютубга» чыгарганыбыздын бир себеби мында бир гана Кыргызстанда эмес, Орусияда, Америкада жашаган жарандарыбыз дагы көрө алат».

«Кошунаны тандабайт» сериалынын экинчи сезонунун трейлери.

 

Кыргызстанда 2020-жылы «Ютубда» кыргыз сериалдары козу карындай көбөйгөн.

Мисалы Орусияда тартылган «Мигранттар» сериалы - Санкт-Петербург шаарында жүргөн мигранттардын анын ичинен, Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырат.

Ал эми 7-каналдын менчик сериалы «Эфир» - телеканалдын ички турмушун көрсөтүп берет.

Аталган сериалдардан башка дагы кыргыз тилинде «Байкуш», «Таң алдында», «Мектеп шайлоо» аттуу сериалдар жарык көргөн. Тасмалардын дээрлик баарын жеке менчик компаниялар тарткан.

Айрым сериалдарда көбүнчө эки тилде, тагыраагы актёрлор бир эле учурда кыргыз, орус тилдеринде сүйлөшөт. Биз «Эфир» телесериалынын режисеру Нарбото Анарбаевди кепке тарттык.

Нарбото өзү жараткан сериалдын өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтты.

«Кыргыздар орусча аралаштырып сүйлөп көнүп калганбыз. Бүгүнкү күндө башка сериалдар ошол эле тил менен тартылып жатат. Биз «Эфир» телесериалын нукура кыргыз тилинде, бирок заманбап кылып тартууга аракет кылдык. Бирок нукура кыргызча сүйлөтүү өтө татаал экен. Себеби, биз айтып көнбөгөн да сөздөр бар экен. «Эфир» сериалы нукура кыргызча болгону үчүн да көрүүчүлөрдү тартып жатат деп ойлойм».

Жаш режиссер мамлекеттен колдоо болсо мыкты телесериалдарды жарата турган жаштар көп экенин кошумчалады.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери көп деле телесериалдар тартылган эмес. Акыркы жылдары анча-мынча чет элдик сериалдар кыргыз тилине которула баштаганын эсепке албаса, каналдарда көбүнчө орус тилине которулган сериалдар көрсөтүлүп келет.

1990-жылдардын аягында, 2000-жылдын башында «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Каражолтой» сыяктуу сериалдар тартылган.

Мамлекеттик телерадиокорпорациянын базасында түзүлгөн «Кыргыз сериал» студиясы көп өтпөй жабылып калган. 2018-жылы КТРК «Ак шоола» аттуу сериал тарткан.

2020-жылдын башында кыргыз өкмөтү кино тартууга 30 миллион сом бөлгөнүн, анын 10 миллион сомуна эки телесериал тартылары айтылган. Бирок ал акча азыркы күнгө чейин бөлүнө электигин Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков «Азаттыкка» билдирди.

Кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссер Айбек Дайырбеков кыргыз сериалдарынын Интернетке көчүү темпин мамлекеттик телеканалдарда сериал сатып алуу жагы жолго коюла электиги менен түшүндүрдү.

«Бул закон ченемдүү көрүнүш. Себеби биздеги телеканалдардын сериал сатып алганга каражаты жок. Ал эми «Ютубдан» акча түшөт. Азыр ар бир продакшн компания өз каналы үчүн иштеп жатат. Ал эми сериалдардын маанисине, сапатына эч ким көзөмөл сала албайт. Анткени мамлекет өзү сериал тартканга акча бөлбөй туруп, кантип жеке менчик продакшн компанияларды көзөмөлдөйт? Бизде азыр цензура жок. Ар бир канал эл көрө тургандай контент тартып берип жатат да».

«Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Кууш жолдо», «Кара жолтой» сыяктуу сериалдарды тарткан актер, режиссер Мурат Мамбетов кыргыз сериалдарынын көбөйгөнүнө сүйүнгөнү менен мамлекеттен колдоо болбой жатканына кейиди.

«Өкмөттөн эч кандай колдоо жок. Азыр сериал болуп жатабы, болбой жатабы аны менен мамлекеттин такыр иши жок», - деди ал. «Сериал бул идеология. Бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы. Сериал менен канча жаштарды тарбияласа болот. Ошондуктан сериалдар сөзсүз мамлекеттин көзөмөлүндө болуш керек. Сериалдар көбөйүп жатса демек эл көрөт экен, элге керек экен да. Мейли көп тартышканы дурус. Анткени начар сериалдар өзүнөн өзү эле жоголот. Он сериалдын ичинен бирөөсү жакшы чыкса - ошол чоң жетишкендик».

Сериал – заманбап телекөрсөтүүнүн бир бөлүгү. Кыргыз коомчулугуна Орусиянын жана коңшу өлкөлөрдүн телеканалдары аркылуу Бразилия менен Мексиканын телесериалдары, акыркы жылдарда кытай, корей жана түрк сериалдары кеңири жайылган. Кино адистери чет элдик сериалдар кыргыз коомунун калыптанышына өз таасирин тийгизип жатканын айтып жүрүшөт.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин обнародовал программу развития столичного туризма


Спорт в России и мире
Москва

Легионер "Локомотива" Ньямси: в Москве жизнь дешевле, чем в Париже


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичам рассказали, какие усадьбы столицы можно посетить для пикника





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

100 лучших сольных песен The Beatles - 4



Москва

Пожарные локализовали возгорание в здании на промзоне в Королеве

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net