Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

COVID-19: Чехтер эмдөө үчүн каттоодогу калпыстыктар үчүн өкмөттү сынга алууда

0
COVID-19: Чехтер эмдөө үчүн каттоодогу калпыстыктар үчүн өкмөттү сынга алууда

Чехияда жума күнү коронавируска каршы эмдөө максатында жарандарды бирдиктүү тизмеге каттоонун алгачкы аракети жасалды. Көп кишилер каттала албай арызданышты. Карапайым жарандар жана оппозициядагы партиялар премер-министр Андрей Бабиштин өкмөтүн санариптештирүүдө мажүрөөлүк кылып жатат деп сынга алышты.

 

15-январда таңкы саат 08:00ден тартып Чехияда коронавируска каршы эмдөө максатында 80 жаштан улуураак карыяларды бирдиктүү тизмеге электрондук каттоо системасы ишке киргизилди. Өлкөдө 440 миңдей киши дал ушул улуу куракта. Аларга интернеттен катталуу үчүн жакындары жана дарыгерлери, ошондой эле айрым кайрымдуулук уюмдары көмөк кылууда.

Алгачкы саатта 44 миңден ашуун киши катталды. Бир аздан кийин эмдөө үчүн жазылуу мүмкүнчүлүгү соңуна чыкты. Көп кишилер каттала албай убара чегишти. Катталгандардын көбү кайсы күнү эмделе турган жайга келе тургандыктары тууралуу кошумча маалымат ала албай убара тартышты.

Эми каттала элек карыялар бир нече күндөн кийин кайрадан онлайн катталууга далаалат жасашы керек. Январда жана февралда Чехияда 838 миң киши эмделет деп күтүлүүдө.

18-январдан тартып өлкөдө дарыгерлер жана медайымдар эмдөөдөн өтүү үчүн расмий каттала баштамакчы. Калган жарандар февралдын башында эмделе баштайт деп жоромол кылынган. Бирок чех өкмөт башчысы Андрей Бабиш калган жарандар жана тургундар бир аз күтө турушу ыктымал, деп билдирди.

Чехиядагы оппозициячыл партиялар жана бир катар жарандар эмдөө үчүн катталуунун бирдиктүү системасынын алгачкы күндөгү ишин таптакыр мажүрөө далаалат деп кескин сынга алышты. “Жарандык демократтар”, “Каракчылар” жана ТОП-09 сыяктуу партиялардын өкүлдөрү эмдөө үчүн каттоонун бул системасын өтө эле татаал жана ыңгайсыз экен, деп сындашты.

“Каракчылар” партиясынын өкүлү Петр Тржешняк (Petr Třešnák) 15-январда өзүнүн “Твиттердеги” барагында мындайча жазды:

“Өкмөт эмделүүчү үчүн орун алып коюунун ушунчалык татаал системасын ойлоп тааптыр десеңиз, анын айынан ардагерлердин көпчүлүгү бул тизмеге каттала албай да жатышат. Анын үстүнө бул система ишке киргизилгенден 5 мүнөттөн кийин эле керектен чыкты. Эгерде сөз калайыктын саламаттыгы тууралуу жүрбөгөн болсо, анда бул – күлкү гана келтирмек болчу. Эмне үчүн өкмөт 150 крона акчага эске тутуу доменин сатып ала алган жок?”

Ал эми Чехиядагы Теплице гимназиясынын химия сабагы боюнча мугалими Йакуб Мрачек (Jakub Mráček) мырза өзүнүн башынан өткөн окуяны 15-январда “Твиттердеги” барагында баяндады:

“Мен чоң атамды эмдетүү үчүн (интернеттен) тизмеге жаздырууга далаалат кылып көрдүм. Майнапсыз болду: оболу тиешелүү санды жазасыз. 5 мүнөткө чейин эч жооп келбейт. Кайра сан жазып көрөсүз. 10 мүнөттөн кийин эки сырсөз (код) келди. Бирок экөөнүн эч бири тең жарабай койду”.

“Жарандык демократтар” партиясынын төрагасы Петр Фиала эми келээрки аптада оппозициячыл блок парламенттин төмөнкү үйүнүн отурумунда өкмөттүн бул калпыстыктарын жана жакынкы болочокку эмдөө стратегиясын талкуу кылуу сунушу менен чыгаарын эскертти.

Чехиянын коомдук сыналгысы тууралуу бир ооз сөз айта кетсек, ал өзүнүн милдетин так аткарып, жарандардын маанайларын бурмалоосуз чагылдырды. Маселен, “ČT24” аттуу күнү-түнү жаңылыктарды чагылдыруучу канал эмдөө үчүн бирдиктүү катталуу системасынын алгачкы күндөгү мүчүлүштүктөрүн ар тараптуу чагылдырып, ар кыл тараптарга микрофон сунуп жатты.

 

Чехиянын коомдук сыналгысы оппозициянын сын көз карашына удаа эле чех премьери Бабиштин электрондук каттоодогу алгачкы сааттардагы мүчүлүштүктөр жоюлгандыгы тууралуу калайыкты тынчтандырган маалыматын берди.

Андан тышкары, Чехиянын саламаттык сактоо министри Йан Блатны 80ден өйдөкү жаштагы карыялар эч санааркабаса болот, алардын каттала электери кийинки аптада да катталып, белгиленген мөөнөттө биринчи кезекте сөзсүз эмделишет, деди.

Чехияда коронавирустун жайылуу коркунучу өтө жогорку – бешинчи баскычта деп жарыяланган. Катаал карантин чаралары 22-январга чейин узартылган. 7-январда 17740 кишиге бул илдет жугуп, "каргашалуу рекорд" жарыяланган. 14-январда 10 892 кишиге илдет жукту. 

Жалпысынан, Чехияда өткөн жылдан бери коронавирус 874,605 кишиге жукту, алардын 717,569 кишиси айыгып чыкты. Бул алааматтуу илдеттен 15-январдын кечине карата 14,029 киши өмүрүнөн ажырады.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о строительстве судостроительной верфи в районе Нагатинский Затон


Спорт в России и мире
Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Лесопожарные станции в Подмосковье получили новые грузовики





Путин в России и мире
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Гордон заявила, что вместе с Кудрявцевой готова оплатить Волочковой психиатра



Москва

Сотрудники «Россетей» привели в порядок 23 памятника Подмосковья

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net