Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленет
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, бүгүн 12-январда атайын иш-чара уюштурулат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолот.
Кече коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чакан форматта өткөрүлмөкчү.
Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо бүгүн 80 жашка толмок. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.
1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоонун этегине коюлган.
Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200 ашуун обон жараткан. Ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирип, эл арасында кеңири таанылган. (NT)