Матраимовдордун адвокаты Лейла Байдаева Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалды
Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 6-январдагы жарлыгынын негизинде жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды.
Алардын арасында «Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун» адвокаты Лейла Байдаева да бар.
Талант Мамытовдун жарлыгынын негизинде, Лейла Байдаева Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттин милдетин аткаруучунун дарегине Соттор кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын үч району, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызматына тогуз талапкерди дайындоо боюнча сунуш келген. Мамытов аны колдоп, тиешелүү жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Лейла Байдаевадан тышкары Айдай Жарматова, Мирлан Жолдошбаев Бишкектин Октябрь райондук сотуна, Таалайбек Абыкеев, Алтынбек Түмөнов Свердлов райондук сотуна, Мелис Өмүралиев, Марлен Тентимишов Ленин райондук сотуна судья болуп бекитилди.
Ошондой эле Бермет Мырзаканова Ысык-Көл облустук сотуна, Замир Алыбаев Нарын облустук сотуна судья болуп дайындалды. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. (NT)