Киев атышпоо режимин бузганы үчүн жикчилерди айыптады
Украиналык аскерлер өлкө чыгышындагы Орусиянын колдоосуна ээ жикчилерди бүгүн күчүнө кирген атышпоо режимин бузуп жатканы үчүн айыптады. Козголоңчулар бул дооматтарды четке кагып жатышат.
Ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу өткөн жумада Украина, Орусия жана Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан жетишилген.
Украин армиясынын маалыматына ылайык, жикчилер режимди Уживка шаарынын жака белинде бузушкан. Оор артиллерия менен аткылоого карабастан жабыркагандар болгон эмес. Донецкидеги жикчилер бул маалыматтарды четке кагып жатышат.
Өлкө чыгышында жаңжал башталган 2014-жылдан бери эки тарап ортосунда 20дан көп жолу атышууну токтотуу аракети болгон. Алты жылдан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуу 13 200дөй адамдын өмүрүн алды.