Кудайга айкөлдүктүн булагы катары карайлы...
Калайыкты өз динине тартуу үчүн жалган маалыматты курал катары колдонууга мүмкүнбү? Адеп-ахлакты кантебиз? Дин таануу жана философия менен алектенген жаш илимпоз Элмура Кочкор уулунун кезектеги блогу.
Калайыкты өз динине тартуу үчүн жалган маалыматты курал катары колдонууга мүмкүнбү? Адеп-ахлакты кантебиз? Дин таануу жана философия менен алектенген жаш илимпоз Элмура Кочкор уулунун кезектеги блогу.
Калайыкты өз динине тартуу үчүн жалган маалыматты курал катары колдонууга мүмкүнбү? Адеп-ахлакты кантебиз? Дин таануу жана философия менен алектенген жаш илимпоз Элмура Кочкор уулунун кезектеги блогу.
Бишкекте илдеттен каза болгондордун саны өсүп, Чүйдүн Новопавловка көрүстөнүндө сөөк коюу үчүн келгендердин кезеги көбөйдү. Соңку үч суткада эле аталган көрүстөнгө 12 маркум жерге берилген.
Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну Сүйүмкан Абитованы мурун өздөрү саткан жерди талашып, 3-июль күнү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов топ балдар менен келип сабап кеткенин «Азаттык» радиосуна анын жактоочусу Айсалкын Карабаева билдирди. Анын маалыматына караганда тараптар буга чейин да чырдашып келишкен. Жер талашка Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрматбек Исмаиловдун да катышы бар. «Алмаз Абдукаримов бул аялга 20 миң доллардан сегиз жер тилкесин саткан. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эпидемияга карабастан өткөрүү тууралуу чечиминин себебин түшүндүрдү. 3-июлда комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып шайлоону өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин айтты: «Албетте, азыркы кырдаал жөнөкөй эмес. Көптөгөн адамдар коронавирус пандемиясынан улам кооптонуп жатышат. Конституцияда жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамда «шайлоо милдеттүү түрдө жана... Читать дальше...
Быйыл парламенттик шайлоонун үгүт маалында көп сандаган элди чогулткан иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты: «Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Конституциялык мыйзамга ылайык, стадиондордо өтүүчү концерттерге жана спорттук иш-чараларга тыюу салынган». Шайлдабекованын айтымында, август-сентябрь айларында шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү стадиясы өтөт. Августта талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо болуп... Читать дальше...
Азыр кырдаал курчуп, COVID-19 менен ооругандардын, атургай вирусту жеңе албай көз жумгандардын дагы саны өсүүдө. Андыктан коомчулукта бул кризистен чыгуунун жолун издеп, түрдүү демилгелер да көтөрүлүп жатат. Алардын ичинде жаштар абалды жеңилдетүү үчүн кандай жолдорду сунуштады? Жаштар кандай жардам бере алат? "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында жаштар менен маселени чечүү жолдорун талкууладык.
Украинанын парламенти - Жогорку Рада 3-июлда Донбасстагы жикчил аймактардын мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына экзаменсиз кабыл алууга жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алды. Мындай жобо буга чейин аннексияланган Крымдан келген абитуриенттер үчүн колдонулуп келген. Донбасстык жаштарды украин университеттерине экзаменсиз кабыл алууну президент Владимир Зеленский сунуш кылган жана Жогорку Радага атайын мыйзам долбоорун жөнөткөн. Украин бийлиги өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары»... Читать дальше...
Өзбекстан Кыргызстанга жардам иретинде 100 даана жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ), 50 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди. Анын айтымында, учурда бул жүк жана башка дары-дармектерди жүктөгөн учак Ташкенттен Бишкекти көздөй учуп чыкты: «Бул жардам Кыргызстанга керек учурда жөнөтүлүп жатат. Азыр Бишкекке бир сааттан кийин учак барып конот. Эки элдин достугунун белгиси. Эки өлкө ортосундагы ынтымак барган сайын бекемделип жатат». Читать дальше...
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтө турган болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Стамбул шаардык соту төрт укук коргоочуну, алардын ичинде «Amnesty International» эл аралык уюмунун Түркиядагы мурдагы эки өкүлүн түрмөгө камоо тууралуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, аталган уюмдун Түркиядагы бөлүмүн негиздеген Танер Кылычка «террорчул уюмдун мүчөсү» деген айып коюлуп, 6,3 жылга эркинен ажыратылды. «Amnesty Turkey» уюмунун мурдагы башчысы Идил Эсер баштаган дагы үч адам эки жылдан ашык убакыт түрмөгө кесилди. Дагы жети адамды сот актады, алардын арасында Германиянын жараны Петер Стюдтнер менен Швециянын жараны Али Гарави да бар. Читать дальше...
Пакистандын түндүк-чыгышында поезд сикх зыяратчылары кетип бараткан фургонду сүзгөндөн кийин бери дегенде 20 адам ажал тапты. Бийлик өкүлдөрү окуя Пенжаб провинциясындагы Шейхупур шаарынан анча алыс эмес жерде болгонун, аварияга ылдам, башкаруучусу жок жүргөн поезд кабылганын маалымдашты. Фургондо 26 адам болгон. Өлгөндөрдүн арасында аялдар жана балдар да бар экени кабарланды. Полиция зыяратчылар негизинен Пешевар шаарынын түндүк-батышында жашай турганын билдирди. Бул аймакты сикх азчылыгынын 40 миңден ашык өкүлү байырлайт. Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Жан Кастексти премьер-министр кылып дайындады. Елисей сарайы Кастекс буга чейин Франциядагы карантин чараларын жумшартуу боюнча иштерди координациялаганын билдирди. Мунун алдында Эдуард Филипп башында турган өкмөт мөөнөтүнөн мурда күтүүсүз кызматтан кеткен. Макрон Филипп жазган арызды канааттандырган жана өкмөттүн кеткен себеби ачык айтылган эмес. Жергиликтүү айрым басылмалар жакында эле Макрон 2022-жылдагы президенттик шайлоону утурлай «жаңы команда түзүлөт» деп айтканын жазышкан. Читать дальше...
Чыгыш-Казакстан облусундагы Өскемен (Усть-Каменогорск) жана Семей шаарлары 5-июлдан тартып карантинге жабылат. Бул тууралуу аймактын акими Даниал Ахметов билдирди. Анын айтымында, бийлик аталган шаарларда коронавирус илдетинин жайылышын басаңдатууга аракет кылып жатат. Ушу тушта облуста COVID-19 илдети жуккан 710 адам аныкталган, алардын басымдуу бөлүгү өткөн айдын аягында катталган. Казак бийлиги өлкөдө 5-июлдан тартып эки жумалык катаал карантин чараларын кайрадан киргизип жатат. Премьер-министр... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын башчысы Владимир Путинди Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. 3-июлда эки жетекчи телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады: «Ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди». 1-июлда Жээнбеков... Читать дальше...
Англияда тоңдурулган 29 миллион долларлык мүлктү бир жаңсыл кылыш үчүн Британиянын прокурорлору азыр мекенинде түрмөдө отурган Гүлнара Каримовага келип жолугушу мүмкүн.
Орусиянын президенти Владимир Путин кошумча-алымча киргизилип, жаңыртылган Баш мыйзамды расмий жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Конституция 4-июлдан тартып күчүнө кирет. Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун билдирди. Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түздү. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө социалдык тармактарды көзөмөлгө алуу боюнча билдирүү жасады. Буга президенттин жаңы төрөлгөн небересин сүйүнчүлөп кабар жазган министрдин күйөө баласынын «Твиттер» баракчасына келген комментарийлер себеп болгон.
Кыргызстанда коронавирустан дагы он бейтап көз жумду, 506 адам жаңы катталды. Ошол эле кезде бир сутка ичинде COVID – 19 илдети аныкталбаган, бирок пневмония болгон 23 адам каза болду.
Кыргызстандын «Көл» тасмасы Кытайдагы «Shangai IFF» эл аралык Шанхай кинофестивалынын «Азиянын жаңы таланттары» сынагында көрсөтүү үчүн тандалып алынды. Бул тууралуу 3-июлда Кинематография департаменти кабарлады. Толук метраждуу көркөм тасманын продюсери Эрке Жумакматованын айтымында, бул - «болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик жана кыргыз киносу үчүн тарыхый окуя». Маалыматка караганда, режиссер Эмил Атагелдиев үчүн дебют болгон бул фильм Ысык-Көлдүн керемет пейзажында тартылган жана адамдын... Читать дальше...
10-июлдан тартып 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намаз жамаат менен убактылуу окулбайт. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Мындай чечимди Жарандык коргонуу штабы вирусологдордун жана шаар казысынын катышуусунда талкуулагандан кийин кабыл алды. «Шаардык казыят кандай чечим кабыл алынса да шаардыктардын саламаттыгы үчүн аны аткарууга даяр экенин билдирди. Чынында адам көп чогулуп жатат. Элдин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алууга туура келүудө», - деди Абсаттаров. Читать дальше...
Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде пневмониядан 23 киши, коронавируска чалдыккандардан 10 адам каза тапты. АКШда июлдан тартып абал кескин начарлап кетсе, Европа акырындап эшигин ача баштады. Нью -Дели Бээжинде негизделген "Тик-Ток" социалдык тармагын жаап салды.
Кыргызстанда пандемиядан каза болгон дарыгерлердин тизмеси кеңейип баратат. 2-июлда «Даңк» медалынын ээси, эмгек сиңирген дарыгер, өпкө, боор оорулары боюнча профессор Исхар Фунлоэр мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Лейлек районунун алыскы тоо арасындагы Өзгөрүш айылында мектепти мындан он жыл мурда аяктагандар демилге көтөрүп, 10 чакырым ички жолду оңдоп жатышат. Пандемия учурунда акчаны туш келди чачпай, айылга пайдалуу иш кылалы деген жаштарды ишкерлер менен жергиликтүү бийлик да колдоого алган.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулады. Президент шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сакташ керек экенин айтып, саясий партиялар үчүн бирдей шарт түзүү зарылдыгын буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгилегенин кошумчалады: «Биз укуктук жагынан жакшы даярдыктарды көрдүк. Бардык зарыл мыйзамдар күчүнө кирди. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.