123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 05.07.2020

COVID-19: “Азаттык”: Айтылуу Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Azattyk.org 

Кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана “Азаттык” үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты. Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.... Читать дальше...

Казакстан: саясий туткун аталган Искандер Еримбетов өлкөдөн чыгып кетти

Azattyk.org 

“Назарбаев режиминин саясий туткуну болгон Искандер Еримбетов боштондукта жана Швейцарияга учуп келди”, - деп жазды Open Dialogue Foundation уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Людмила Козловская “Фейсбук” баракчасына. Ал Еримбетовду Женеванын аба бекетинен туугандары жана жактоочулары күтүп алып жаткан видеону да жайгаштырган. Бизнесмен Искандер Еримбетовдун туугандарынын бири Асат Жаксыбаев ал дарыланууга кеткенин, эмдөө 6-июлда баштала турганын билдирди. Ал эми буга чейин Еримбетовдун адвокаты... Читать дальше...



Кыргызстанда 2 миңдей киши пневмония менен ооруканада жатат

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, учурда өпкө кагынуудан (пневмония) жабыркаган эки миңге жакын киши Кыргызстандын ооруканаларында дарыланып жатышат. Алардын дээрлик баарынын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан. Пневмония менен оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптардын саны 100гө жакын.  Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе... Читать дальше...

Иранда бир күндө коронавирустан өлгөндөрдүн эң көп учуру катталды

Azattyk.org 

Иранда коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир күндө өлгөн адамдардын эң чоң көрсөткүчү катталды. 5-июлдагы маалыматка караганда, акыркы бир суткада 162 адам көз жумган. Буга чейин Иранда 29-июнь күнү 162 адам каза тапканы эң жогорку деп маалымдалган. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы бир суткада илдетти жуктуруп алган 2560 учур аныкталганын билдирди.  Иранда COVID-19 менен ооругандардын саны жалпы 240 438ге жетти, анын ичинен11 571 адам көз жумган. Иран коронавирус пандемиясына... Читать дальше...

Дарыгерлердин майданга айланган майрамы

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.

Мэрия уюштурган убактылуу стационарларда үч адам каза болду

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы уюштурган убактылуу стационарларда бир күндө үч адам каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады. Мэрия шаардыктарды үйдөн чыкпоого, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты так сактоого чакырды. Маркумдар кайсы стационарда каза болгону тактала элек. Буга чейин Бишкек мэриясы борбор калаада төрт убактылуу стационар уюштурган. Ар бири 200 орунга эсептелген жайларда тумоолоп, өпкөсү кагынып, абалы жеңил жана орто жарандар күндүз медициналык жардам алары айтылган болчу. Читать дальше...

Орусияда репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликти булгап кетишти

Azattyk.org 

Орусиянын Иркутск облусундагы Тайшет шаарында саясий репрессия курмандыктарына тургузулган эстеликке белгисиз адамдар сыр чачып кетишкен. Шаардын сейил багындагы эстеликтин курулушу бир апта мурда эле бүткөн. “Сибирь. Реалии” сайтынын маалыматына караганда, окуя 4-июлга караган түнү болгон жана эстеликтеги жазуу окулбай калган. Сталиндик репрессия жылдары Тайшет районунда соттолгондор камалган Тайшетлаг лагери орун алган. Андан тышкары Чыгыш Сибирге жана Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалган туткундар Тайшет станциясы аркылуу өтүп турушкан. Читать дальше...



Кыргызстандагы түрк ишкерлери 150 кычкылтек концентраторун алып келди

Azattyk.org 

5-июлда түркиялык ишкерлердин көмөгү менен Кыргызстанга 150 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жана пневмония жугузган адамдар көбөйүүдө. Буга чейин өлкөдөгү ооруканаларда ИВЛ аппараттары жана кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканы айтылган. Буга байланыштуу өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды. Маалыматка ылайык, кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы - 500 даана келди. Читать дальше...

Сербия Кытайдан алган учкучсуз учактарын көрсөттү

Azattyk.org 

4-июлда Белграддын жанындагы Батайница аскердик аэродромунда Кытайдан алынган алты сокку уруучу учкучсуз аппаратты биринчи жолу коомчулукка көрсөткөн аскердик иш-чарага Сербиянын президенти Александр Вучич да катышты. “Булар алыс аралыктан – тогуз чакырым узактыктан бутага ата алат жана душмандын аймагындагы Сербиянын кызыкчылыгында болгон аймакты жана объектти жаздыра алат”, - деп Вучичтин айтканын Сербиянын N1 телеканалы көрсөттү. Ал Сербия кытай адистери менен өзүнүн да ушул сыяктуу учкучсуз... Читать дальше...

Дүйнөдө бир күндө 210 миңден ашык адамдан вирус аныкталды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жеткенин кабарлады. Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде дүйнө жүзүндө 212 326 адамдан вирус аныкталган. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия турат. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 28-июнга туура келген. Анда 189 миңден ашык адамдан вирус аныкталган болчу. Ал эми акыркы 24 саатта беш миңдей адам пандемиядан улам каза болду. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин... Читать дальше...

Баткенде санитардык талапты сактабаган 142 ишканага айып салынды

Azattyk.org 

Маалыматка ылайык, облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык райондордо, шаар аймактарында текшерүү, түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө. 1-майдан бери 1364 ишкана- мекемелер текшерилген. Анын ичинен санитардык норманы сактабаган 425 ишканага эскертүү берилип, 142 ишканага айып салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Өткөн жумада коронавирустун жайылышына байланыштуу Баткен облустук штаб айрым чектөөлөрдү киргизген. Ага ылайык, жума намаздарды мечиттерде жамаат менен окууга... Читать дальше...

Ош шаарында 500 орундуу медициналык стационардык борбор даярдалууда

Azattyk.org 

Ош шаарында өпкөсү кагынгандарды жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500 орун даярдалып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 5-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен өткөргөн жыйында жеңил жана орто абалдагы бейтаптар үчүн орундарды даярдоо керектигин билдирген. Жергиликтүү бийлик калаадагы эпидемиологиялык абалды «оор» деп сыпаттоодо. Стационардык борборлор өлкөнүн башка шаарларында да ачылууда. Читать дальше...

Премьер-министр дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы пандемия шартында иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, учурда дарыгерлердин мааниси өзгөчө экенин белгилеген. “Коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринин эскирген материалдык-техникалык базасына, кадрлардын жетишсиздигине жана жетишсиз каржыланышына байланыштуу топтолгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Читать дальше...

Орусияда Прокопьеваны колдоп чыккан журналисттер кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Псков шаардык полициясы 4-июлда жергиликтүү “Псков губерниясы” басылмасынын редактору Денис Камалягинди жана журналист Владимир Капустинскийди кармап кетти. Алар журналист Светлана Прокопьеваны колдоо максатында пикет өткөрүп жатышкан. “Коммерсантъ» гезитинин кабарлашынча, Псковдогу Октябрь аянтында ишемби күнү журналистти колдоо иретинде бир нече пикет өтүп жаткан. Буга чейин Псковдогу аскердик соттун көчмө жыйынында мамлекеттик айыптоо Светлана Прокопьеваны алты жылга эркинен ажыратууну... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Azattyk.org 

6-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33 градус ысык болот... Читать дальше...

Трамп АКШ “ашкере солчул фашизмдин соккусуна” кабылганын айтып чыкты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү “тоталитардык” мамилени көрсөткөн “ашкере солчул жаңы фашизмдин соккусуна” кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу Трамп Эгемендик күнүнүн алдында Түштүк Дакотадагы Рашмор тоосундагы монументтин жанында сүйлөп жатып билдирди. Ал Кошмо Штаттардын төрт президентинин элеси түшүрүлгөн монумент “эч качан бузулбай турганын” кошумчалады. Трамп өз сөзүндө өлкөдөгү эстеликтерди талкалап, шаарларда ар кандай кылмыштарга барган “ачуулуу сүрмө топтун” аракетин сынга алды. Читать дальше...

Кара-Сууда той өткөрүүгө уруксат берген ресторан 15 күнгө жабылды

Azattyk.org 

4-июлда Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы «Баястан» ресторанында өтүп жаткан кыз узатуу тоюу токтотулуп, айып салынды. Бул тууралуу Ош облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын маалыматына ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук санитардык эпидемиологиялык кызматтын өкүлү ресторандын ээсине 13 миң сом айып салып, тойкана 15 күнгө карантинге жабылды. «Кыз узатуу аземинде 60 адам бар экени аныкталган. Бул... Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Плетнёв

Как добрый мим Михаил Плетнев открывает «Дверь в Тверь»





Персональные новости
Дети

Дети с ограниченными возможностями здоровья посетили курорт «Манжерок»





COVID-19 менен жашаганды үйрөнүш керек

Azattyk.org 

Интернетти чектеген мыйзам жапон журналында талданды. COVID-19 менен жашаганды үйрөнүш керек. Беткап тагынбаган адам мас айдоочуга барабар. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.

Бишкек мэриясы ишсиз отурган дарыгерлерди жардамга чакырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы учурда ар кандай себептер менен иштебей, үйүндө отурган дарыгерлерди жардамга чакырат. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандар көбөйгөндүктөн дарыгерлер жетишсиз болуп жатат. "Бул кырдаалдан чыгып кетүү үчүн биз учурда кандайдыр бир себептерден улам иштебеген медициналык кызматкерлерди жардамга чакырабыз",- деп кайрылды Түлөбаев.  Түлөбаев эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн шаар... Читать дальше...

Австрияда чеченстандык бозгун өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Австриянын борбору Венанын чекесиндеги шаарчада теги чеченстандык Мамихан Умаровду атып кетишти. “Кавказ. Реалии” редакциясынын маалыматы боюнча, Умаров Веналык Анзор деген ат менен белгилүү болчу. Ал өзүн Искерия сепаратисттик республикасынын Коопсуздук министрлигинин кызматкери деп атап, Чеченстандын азыркы башчысы Рамзан Кадыровду сындап келген. Умаров Орусиянын атайын кызматтарын Чеченстандан Европага качкан мурдагы сепаратисттерге жана эмигранттарга кол салууга айыптап келген. Ошондуктан Австрия бийлигине кайрылып... Читать дальше...

Өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды

Azattyk.org 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы  - 500 даана келди. Дагы 500ү келаткан аптада жеткирилмекчи. Бул үчүн өкмөт 50 миллион сом бөлгөн. Өлкөгө келген концентраторлор ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жабыркаган жана өпкөсү кагынган адамдар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу максатында өлкө аймактарына жөнөтүлөт. Читать дальше...

Кыргызстанда бир күндө пневмониядан 26 адам каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткан 26 адам соңку бир сутка ичинде көз жумду. Бул тууралуу 5-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинен 17 адам Бишкекте дарыланып жаткан. Калгандары өлкөнүн башка аймактарына туура келет. Ушуну менен март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 177 адамды түздү. Республикалык штаб өпкөсү кагынып каза болгондордун жашы тууралуу маалыматты тактаган жок. Кыргызстандын... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 10 адам каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирус жугузган дагы 10 адам каза болду. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Ал эми калгандары:  Ноокат аймактык ооруканасында – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);  Жайыл аймактык ооруканасында – 1 бейтап (80 жаштагы аял);  Москва аймактык ооруканасында – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);  Токмок аймактык ооруканасында – 1 бейтап... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

На окружном полуфинале конкурса «Это у нас семейное» Калмыкию представляют четыре семьи


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA отреагировала на суперкамбэк Елены Рыбакиной


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Швеция хочет ограничить доступ в Балтийское море российским танкерам





Путин в России и мире
Москва

На окружном полуфинале конкурса «Это у нас семейное» Калмыкию представляют четыре семьи


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Денис Мацуев

Денис Мацуев представил музыкальный фестиваль в Ставрополе



Москва

Мигранты нашли иммунитет от "тяжёлой руки Бастрыкина"? Что не так в законе о сборе биометрии у приезжих

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net