Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 08.07.2020

Жогорку сотто сегиз кызматкер COVID-19 жугузуп алганы аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жогорку соттун аппаратында иштеген кызматкерлер коронавируска ПЧР-анализ тапшырды. Натыйжада сегиз кызматкерден COVID-19 илдети табылганын Жогорку соттун басма сөз кыматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, вирус жугузуп алгандардын арасында судья да бар.   «Учурда соттук жараяндар штаттык режимде өтүп жатат. Эгер кайсы бир соттук отурумда ишке байланыштуу тараптар келбей калса же башка бир себептери болсо, сот жылат. Ал эми сотко кайрылууга... Читать дальше...

Пандемияга байланыштуу Баткен облусунун аймагында чектөөлөр киргизилет

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Баткен облустук штабы 8-июлда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөрдү кабыл алды. Ага ылайык, 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка аймактардын ортосундагы коомдук транспорт жана такси кызматтары токтотулат. Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт. Азык-түлүк,тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу автоунааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Читать дальше...

Тумоодо юристтердин өмүрүнө коркунуч жаралды

Azattyk.org 

Өлкөдө күч алган коронавирус пандемиясына байланыштуу шашылыш эмес сот иштерин токтото туруу жөнүндө сунуштар айтылууда. Буга COVID-19 менен пневмониядан адвокаттардын жана юристтердин каза болуп жатканы да себепчи болду.



Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясы өтөт

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясын өткөрүү боюнча сунуш бүгүн, 8-июлда жергиликтүү активисттер, медицина мекемелеринин жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтылып, колдоо тапты. Жолугушууда учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу шарттарын өзгөртүү, аймакка кирген жолдорду жабуу тууралуу маселелер көтөрүлүп, ал колдоого алынбады. Катышуучулар обочолонуу акциясына токтолушту. Ага ылайык, жергиликтүү тургундар эми 10 күн бою башка аймакка... Читать дальше...

ФИБдин башчысы Кытайды АКШнын «эң чоң коркунучу» деп атады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) башчысы Кристофер Рэй АКШнын экономикалык жана улуттук коопсуздугу үчүн Кытайды «эң узак мөөнөттөгү коркунуч» деп атады. Ал 7-июлда Вашингтондо Хадсон институтунда сүйлөгөн сөзүндө Бээжиндин экономикалык тыңчылык жана маалыматтык, интеллектуалдык менчикти уурдоо аракеттерин белгиледи. Рэй Кытай чет өлкөлөрдө жашаган кытай жарандарын мекенине мажбурлап кайтаруу жараянын баштаганын, АКШнын коронавирустун жайылышын иликтөөсүнө коркунуч жаратып жатканын белгиледи. Читать дальше...

«Талибандын» кош чабуулунан алты ооган полиция кызматкери мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Газни провинциясында жол четине катылган бомба жарылып, Даяк райондук полициясынын башчысы баштаган үч кызматкер набыт болду. Провинциянын губернаторунун басма сөз кызматынын өкүлү Вахидулла Жамазада бомба эртең менен көзөмөл-өткөрмө бекеттерди текшерип жүргөн учурда жарылганын маалымдады. Анын алдында Кандагар провинциясындагы жанкечтинин айынан бери дегенде үч полиция кызматкери мүрт кетип, дагы 20 адам жарадар болгон. Алардын арасында аймактык полициянын башчысы жана жайкын тургундар да бар. Читать дальше...

Өкмөттүн убадасы, дарыгерлердин убайымы

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарын келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырып, 70 миң сом айлык төлөп берүүнү убада кылды.



Өзбекстан кайра карантин киргизет

Azattyk.org 

Өзбекстанда 10-июлдан тартып 1-августка чейин карантин чараларын кайра күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жугарын көрсөткөн далилдер бар экенин билдирди. Сербияда коменданттык саатка каршы чыгышты.

Ошто дарыгер пневмониядан көз жумду

Azattyk.org 

Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов бүгүн, 8-июлда каза болду. Ал ооруканага үч күн мурун түшкөн. Алгачкы диагноз «эки тараптуу пневмония» деп коюлган. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун кесиптештери билдиришти.  Ал эми анын коронавирус оорусуна чалдыкканы так белгисиз, тапшырган анализдин жыйынтыгы чыга элек болгон. Дарыгердин өлүмүнүн так себеби паталогоанатомиялык иликтөөдөн кийин белгилүү болору маалымдалды.  Жангара Абдыхаликов аталган... Читать дальше...

Жээнбеков: Заманбап клиника жоктугу абдан сезилип жатат, жаңы оорукана салабыз

Azattyk.org 

Кыргызстанда комплекстүү атайын оорукананын жоктугу азыркы учурда абдан сезилип жатат. Бул тууралуу 8-июлда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын бирине барганда айтты. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Бишкекте медициналык тейлөөнүн бардык түрү боло турган комплекстүү клиника салынарын билдирди: «Стационарлар - албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы абал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Читать дальше...

Оору мыктыларды аябай турганын көрсөттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан 57 бейтап каза болду. Бул бир сутка ичинде илдеттен каза болгондордун саны боюнча өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Түркиядагы журтташтар мекенине кол сунду

Azattyk.org 

Түркиядагы кыргызстандыктар Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберүү ишин колго алышты. Мекендештер кычкылтек концентраторлорун жана дары-дармектерди жөнөтүп жатышат.

БШК: Шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн, 8-июлда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан өтүнмө кабыл алуу жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдиргендей, саат 17:00гө карата шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия билдирди.  «Буга чейин БШКнын отурумдарында алардын 21и тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоого алынды, калгандары боюнча атайын жумуш тобунда мамлекеттик органдар менен бирге документтеринин... Читать дальше...

Ошто «Баястан» рестораны боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Azattyk.org 

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында аш-тойлорду өткөрүүнү тыюу жөнүндө чечимдерге баш ийбей, үчүнчү ирет той өткөргөн «Баястан» рестораны боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, ресторанда 7-июлда үчүнчү ирет тушоо кесүү аземи өткөрүлүп жаткан учурда облустук бийлик жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү барып, ресторанды жаап, суусу жана электр энергиясы өчүртүлгөн. Читать дальше...

ДССУ: COVID-19 аба аркылуу жугушу мүмкүн

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жугарын көрсөткөн далилдерди четке какпай турганын, бирок акыркы тыянак чыга электигин билдирди.

Кыргызстан сырттан учуп келгендерди мурдагыдай текшербей калды

Azattyk.org 

Кыргызстан чет жактан учуп келгендерди коронавируска мурдагыдай текшербей калды. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, эреже өлкөдө жана жалпы дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал өзгөргөнүнө, өзгөчө абал режими алынганына байланыштуу өзгөрдү. Коронавирус боюнча алгоритмге жана буйруктарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. 26-июнда кабыл алынган чечимге ылайык, чет жактан кайтып келгендер эгер оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет... Читать дальше...

Нарын облусунда 829 орундуу күндүзгү стационар уюштурулду

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлдү. Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169, Ак-Талаа районунда – 123, Жумгал районунда – 162, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун. Мындан тышкары Нарын шаарында дагы 50 орун даярдалып жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов 8-июлда брифингде билдирди. Өкүл ошондой эле облус аймагында бир катар чектөөлөр киргизилгенин маалымдады. Читать дальше...

COVID-19: Болсонаруга илдет жукту, АКШда ооругандар көбөйдү

Azattyk.org 

Соңку бир суткада АКШда дагы 60 209 кишиден коронавирус табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Өлкөдө акыркы бир күн ичинде 1114 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Кошмо Штаттарда вирус жуккан адамдардын жалпы саны 3 миллионго чукулдаса, илдеттен каза тапкандардын саны 130 миң адамдан ашты. 7-июлда Калифорния менен Техас штаттарында 10 миңден ашуун адамдын аназилинен коронавирус чыкты. Бул эки штат үчүн бир күн ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Дүйнө жүзүндө коронавирус... Читать дальше...


Музыкальные новости
Валерий Гергиев

Оркестр Мариинского театра под управлением Валерия Гергиева выступил в Нижнем Новгороде





Персональные новости
Джо Байден

Байден: США делают все возможное для возвращения Гершковича и Уилана





Бишкекке Түркиядан, Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Azattyk.org 

8-июлда Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык жаран кайтып келди. Аларды «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы алып келди. Бул каттам кайрадан Кыргызстандан Түркиянын жарандарын алып кетет. Бул учакта Түркиядан тышкары Малайзия, Түндүк Кипр, Израил, Болгария, Канада мамлекеттеринен жана Европанын, Азиянын, Африканын башка өлкөлөрүнөн кыргызстандык жарандар келишти. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү... Читать дальше...

ДССУ коронавирус аба аркылуу жайыларын четке каккан жок

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус аба аркылуу жукканына далилдер бар экенин, бирок акыркы тыянак чыга элек экенин билдирди. Уюм буга чейин COVID-19 көбүнесе бейтап дем алганда, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө чыккан майда тамчылар аркылуу жайыларын билдирип келген. Ошондой эле бул вирустун салмагы салыштырмалуу оорураак болгону үчүн абада көп кармалбай, кыска убакыттын ичинде эле жерге түшөрүн да маалымдалган. ДССУнун өкүлдөрү коронавирус аба жана абада калкып жүргөн майда бөлүкчөлөр... Читать дальше...

Боронов эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлерди ишке чыгууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү эмгек өргүүсүндө жүргөн бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртып алмай болду. 8-июлда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатканын айтты. Ал “Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш» деди. Читать дальше...

ОшМУнун окутуучусу пневмониядан каза болду

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 54 жаштагы окутуучусу Аликжан Шерматов пневмониядан 7-июль күнү каза болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады. ОшМУнун медицина факультетинин ортопедиялык жана терапиялык стоматология кафедрасынын жетекчиси Маматжан Арстанбеков маркумдун тажрыйбалуу адис болгондугун эскерди: «Окуу жайдагы ыймандуу, тажрыйбалуу, ар тараптуу кесиптештеримдин бири эле. Анын үй-бүлөөсү да бүт медицинага өздөрүн арнагандар. Тилекке каршы жубайы экөө коронавирус жуктуруп алып... Читать дальше...

"Өкмөттүн чабал даярдыгынан жаш өмүрлөр кыйылды"

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын тургуну Таалайбек Шайымбековдун бир тууган карындашы өпкөсүнөн кагынып бат эле каза тапкан. Таалайбек "Азаттыкка" курган маегинде жаш өмүрлөрдүн кыйылышын өкмөттүн чабал даярдыгынан көрөт. 26 жаштагы бир тууганынын көтөрүп алып оорукана издегенин, бир да орун табылбай кыйналганын айтып берди.

Өзбекстан 10-июлдан тартып карантин чараларын күчөтөт

Azattyk.org 

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык комиссия 10-июлдан тартып 1-августка чейин карантин чараларын кайталап күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, жолдогу кыймылга, аймак аралык каттамдарга чектөө киргизилет. Мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин бир бөлүгү эмгек өргүүсүнө жөнөтүлөт, калгандары мүмкүн болушунча аралыктан иштегенге өтөт. Ошондой эле жыйындардын баары онлайн форматында гана уюштурулат. 1-августка чейин адамдар көп катышкан иш-чаралардын баарына... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов обыграл Баутиста-Агуту в третьем круге «Мастерса» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Путин поздравил Леонида Рошаля с днем рождения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Матильда Шнурова примерила откровенный наряд в сетку



Москва

Около десятка сбитых беспилотников обнаружили в Подмосковье после таяния снега

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net