123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 07.07.2020

"Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев пневмониядан каза тапты

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча мурдагы вице-президенти, өкмөттүн алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Даир Токобаев 7-июлда 34 жашында  кайтыш болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдиришти. Токобаев бир жумадан бери эки өпкөсү кагынып (пневмония) ооруканада жаткан. Акыркы күндөрдө абалы оорлоп кеткени белгилүү болду.  Даир Токобаев 1986-жылдын 23-июнунда Бишкекте туулган.  Кыргыз-орус славян университетин... Читать дальше...

Бишкектеги бир нече соода борборлору убактылуу ишин токтотот

Azattyk.org 

Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу аталган борбордун администрациясы 7-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү соода борборундагы "Фрунзе" гипермаркети, дарыкана жана "Демир банктын" бөлүмү гана иштейт. Ушул эле күнү башкалаадагы "Asia Mall", "Технопарк" соода борборлору, "РИОМ" автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Читать дальше...

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Кушбак Тезекбаев каза болду

Azattyk.org 

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Апрель революциясынын баатыры Кушбак Тезекбаев 68 жашында Ош шаарында пневмониядан кайтыш болду.   Президенттин сайтында Кушбак Тезекбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер, премьер-министр баштаган тиешелүү жетекчилердин  көңүл айтуусу жарыяланды. Анда Тезекбаев 2010-жылы апрель окуясында жеңишке жетүүгө түздөн-түз катышканы, ошол жылдын июнь окуяларында коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого, улут аралык достукту... Читать дальше...



Калыс саясатчы, ишкер жана акын өттү

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 60 жаш курагында катуу оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 7-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүндө жерге берилди.

Парламенттик шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 35ке жетти

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирип 35 саясий партия кайрылды. Булардын басымдуу бөлүгү 7-июль күнү кайрылган. Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары билдиришкен. Боршайкомдун маалыматы боюнча парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө... Читать дальше...



Боронов: Медициналык билими барлардын баарын ишке чакырам, айлыгы 70 миң сомго чейин болот

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды. 7-июлдагы онлайн брифингде ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун айтты: «Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы... Читать дальше...

Убайымдуу бейтаптар, убактылуу ооруканалар

Azattyk.org 

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.

Боронов: Чектөө киргизүү маселени чечпейт, оорунун экинчи толкунуна даяр турушубуз керек

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну пайда болсо көрүлө турган чараларга даярданууда. Бул тууралуу 7-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчы экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келчү катуу чектөөнү кайрадан киргизүү ишканаларга жана элдин жашоосуна терс таасирин тийгизерин айтты. Ал инфекциянын жайылышынын алдын алуунун жана токтотуунун бир гана жолу бар экенин, ар бир адам ички тартипти жана санитардык нормаларды бекем сакташы керек экенин билдирди... Читать дальше...

«Бүбүкан - кыргыз журналистикасынын чолпону эле...»

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

Тыва менен Алтайда кара тумоодон улам суур этин жегенге тыюу салынды

Azattyk.org 

Орусиянын Тыва Республикасында жергиликтүү бийлик коңшу мамлекетте кара тумоо оорусу чыккандыктан, айрыкча Монголия менен чектеш аймактарда жашагандарды суурга аңчылык кылбоого, бул макулуктун этин жебөөгө чакырды. Ошондой эле курт-кумурскалардын чагып алышынан сактаныш керек экенин билдирди. Тыванын Айыл чарба министрлиги кара тумоо келемиш-чычкандардан тарашы мүмкүн экенин, суур менен төөнүн этинен да жугушу ыктымал экенин эскертти.  Алтайда да бийлик Кытай менен Монголияда кара тумоо оорусу... Читать дальше...

Президент жана өкмөт: Чыныбай Турсунбековдун элеси өчпөйт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу бийлик жана коомчулук өкүлдөрүнүн атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди. «Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүшүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошкон. Ишкерликти өнүктүрүүгө жол ачкан жана жарандардын социалдык-экономикалык... Читать дальше...

Боронов: Той-аштарга абдан катуу тыюу салынат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү той-аштарды токтото туруу керектиги жөнүндө элге кезектеги эскертүүсүн берди. 7-июлда онлайн брифингде сүйлөп жатып премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейинки эскертүүлөргө карабастан жашырынып той өткөргөндөр бар экенин айтты: "Абдан катуу тыюу салынат. Тыюу салганыбызга карабастан дагы эле маселе чыгып жатат. Кээ бир жерлерде той, тушоо той өткөрүп, эшигин жаап алып, арт жагынан киргизип той берип жатышат. Ошолорго тиешелүү чара көрүп жатабыз жана мындан кийин да көрүлөт". ... Читать дальше...

Түркмөнстанга ДССУнун адистери келди

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы коронавирус бар экенин ырастабаган жалгыз мамлекет - Түркмөнстанга дүйшөмбүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери келди. Уюмдун мындай миссиясынын башчысы Кэтрин Смоллвуд бул топ 10 күн болорун, түркмөн бийлиги менен COVID-19дун жайылышына каршы чогуу-чаран иштешерин айтты. Ашхабад өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдет жугузуп алгандар бар экенин расмий бышыктабагынан улам ДССУ адистерин мындан эки ай мурун жөнөтүүгө аракет кылган. Смоллвуд анда алардын сапарына пандемиядан... Читать дальше...

Чыныбай дили таза, ою бийик инсан эле...

Azattyk.org 

Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери, акын, илимпоз, котормочу жана ишкер, маркум Чыныбай Акун уулу Турсунбековдун (1960––2020) жаркын элесин эскерген тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу.

Пандемия башталгандан бери чет өлкөлөрдөн 20 638 кыргызстандык кайтарылды

Azattyk.org 

Коронавирус инфекциясы жайылган учурдан тартып, февраль айынан 6-июлга чейин учак жана автобустар менен 20 миң 638 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн, 7-июлда брифингде билдирди. Анын айтымында, кайтып келгендердин басымдуу бөлүгү Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан жеткирилген. Нуран Ниязалиев бүгүнкү күнү да 57 чет мамлекеттен 7812 жаран Кыргызстанга кайтууну көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылганын кошумчалады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Mia Boyka призналась, что в детстве ходила в церковь почти каждый день





Персональные новости
Владимир Путин

Тема дня: Путин поручил комиссии по НТР представить перечень приоритетных направлений





Гани тынчтык жараяны үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жоочулардын чабуулунун күчөшү «Талибан» менен тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүүгө «олуттуу кедергисин» тийгизерин эскертти. Ал 6-июлда эл аралык коомчулукка онлайн маалымат берип жатып, тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө карабай, быйыл былтыркыга салыштырмалуу зомбулук, кол салуу, чабуул күчөгөнүн билдирди. Гани: «Эгер талибдер чабуулдарын токтотпосо Ооганстандагы тынчтык орнотуу жараяны олуттуу кыйынчылыктарга кабылат», деди. Кабул менен «Талибан» кыймылы... Читать дальше...

Казакстанда COVID-19 менен ооругандар 50 миңге чукулдады

Azattyk.org 

Казакстанда соңку бир күндө коронавирус дагы 1109 адамдан табылды, ошентип ооругандардын жалпы саны 49 683 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министри Алексей Цой илдетке чалдыккандардын саны расмий статистикадан көп болушу ыктымал экенин мойнуна алды. Ал коронавирус инфекциясы тест аркылуу аныкталгандар гана расмий эсепке кирип жатканын бышыктады. Казакстанда жалпысынан бул илдеттен 264 бейтап көз жумду. Алардын 76сы соңку бир аптада катталды. Саламаттык сактоо министри дагы 110 бейтаптын өлүмүн комиссия текшерип жатканын билдирди. Читать дальше...

Боронов: Бишкекте абал бир топ оор, шаарга келбей туруңуздар

Azattyk.org 

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал оор. Бул тууралуу 7-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирип, аймактардын тургундарын борбор калаага каттабай кое турууга чакырды. "Аймактардагы жарандарыбызга айткым келет, Бишкек шаарына зарыл жумушуңуздар болбосо келбей туруңуздар!  Бүгүнкү күндө Бишкекте абал башка региондорго караганда бир топ оор. Бишкек шаарынан да ооруну алып, аймактарга жайылтпаш үчүн барбай турууну суранам. Буга чейин "Барба, келбе, эшикке чыкпа" десе болбой жаткан жарандарыбыз... Читать дальше...

Пхеньян Вашингтон менен сүйлөшпөй турганын билдирди

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин АКШ иштери боюнча департамент башчысы Квон Чжон Гындын мындай билдирүүсүн ЦТАК агенттиги жарыялады. Дипломат Сеулду өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Гын Түндүк Корея менен АКШнын президенттери «Ким Чен Ын менен Дональд Трамп жолугушканы жатат, телефондон сүйлөшөт» деген имиштер чындыкка коошпой турганын айтып: «Вашингтон ички маселелерин чечиш үчүн ыктымал сүйлөшүүлөр темасын козгоп жатат», - деди. Корей жарым аралындагы кырдаал акыркы убакта курчуп кетти. Читать дальше...

Пневмония болгондордун 700гө жакыны оор абалда жатат

Azattyk.org 

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 694 адам өпкөсүнөн кагынып (пневмония), оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.  Анын айтымында, 7-июлга карата Бишкек шаарындагы ооруканаларда пневмония болгон 1936 бейтап жатат. Алардын 1173үнүн абалы орточо, 473үнүкү оор деп мүнөздөлүүдө. 213 бейтап реанимацияда. Ал эми Бишкектен тышкары аймактардагы ооруканаларда 903 бейтап жатат. «Эпидемиологиялык абал башталгандан... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Калмыцкий боксер Чингиз Натыров одержал пятую победу на профессиональном ринге


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Хамовники побили пятилетний рекорд по количеству сделок с недвижимостью





Путин в России и мире
Москва

Путин спросил Беглова о причинах снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

«Зеленский кричит»: польский генерал рассказал, что творится в Киеве


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Mia Boyka призналась, что в детстве ходила в церковь почти каждый день



Москва

Контроль эмоций, выдержка и спокойствие: как работают операторы службы 112

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net