123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 04.07.2020

Өмүр сакчыларына таазим

Azattyk.org 

Кыргызстанда июль айынын алгачкы жекшембиси медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Быйылкы майрамды ак халатчандар өзгөчө абалда белгилеп жатышат. Пандемия шартында дарыгерлер үч ай бою бел чечпей иштешти. 1000ге жакын дарыгер вируска чалдыгып, жети кызматкер иш үстүндө курман болду.

Иликтөө: Өкмөт медициналык каражатты кымбат сатып алган

Azattyk.org 

“Политклиника” онлайн медиасы пандемия учурунда медициналык каражаттарды алуу үчүн өткөрүлгөн тендерлерди иликтеди. Анда мамлекет четтен алган карыздан бөлүнгөн акча ыктымал коромжуга учураганы, тендерди уткандар арасында бийликке жакын адамдар, курулуш же туризм тармагындагы ишканалар бар экени аныкталды. “Азаттык”иликтөөнүн  редактору Дилбар Алимованы кепке тартты.



“Эркин Европа” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду

Azattyk.org 

4-июлда “Эркин Европа” (Radio Free Europe) радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду. Радиостанция “Кансыз согуш” жылдарында ал кездеги социалисттик блокко кирген Болгария, Венгрия, Польша, Румыния жана Чехословакия өлкөлөрүнө маалымат таратуу үчүн түзүлгөн. Алгачкы берүү Лампертхайм деп аталган Бавариядагы шаарда чех тилинде обого чыккан. Мындан соң Португалиядагы Глория деп аталган жерде кубаттуу станция курулган. “Эркин Европа” радиосунун алгачкы кызматкерлери чыгыш европалык журналист, жазуучу, публицисттер болгон. Читать дальше...

Түркиядагы кыргызстандыктар Бишкекке кычкылтек концентраторлорун жөнөтүштү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Түркиядагы "Кыргызстан достук жана маданият" коомунун жетекчиси Нурлан Абдыкаимов "Азаттыкка" билдирди. Стамбулдан Бишкекке 15 даана кычкылтек концентратору 4-июлда жөнөтүлгөн.  Медициналык бул жабдыкты кыргызстандыктар өз каражатына сатып алышкан.   4-июлда Бишкек мэри Азис Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерди көмөк көрсөтүүгө чакырган.  Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды... Читать дальше...

“Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Azattyk.org 

“Мекенчил” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 4-июлда партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кол коюлган кайрылуусу келип түшкөн. Бул кайрылуунун негизинде партиянын шайлоо жана финансы маселелери боюнча өкүлдөрү катталды. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөнү жатат. Шайлоо мыйзамына ылайык, 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлер катталып бүтүшү керек. Буга чейин... Читать дальше...

Бишкектин мэри ишкерлерден жардам сурады

Azattyk.org 

Бишкектин мэри Азиз Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерге кайрылды. Ал учурдагы кыйын кырдаалда керектүү медициналык жабдыктарды сатып берүүгө чакырды “Биз ИВЛ аппараттар жана кычкылтек концентраторлору абдан жетишпей жатканын моюнга алууга мажбурбуз. Ошондуктан, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, меценаттар жана ишкерлерге кайрылам. Адамдын өмүрүн сактоо үчүн керектүү жардамды көрсөтүңүздөр”, - деп билдирди Суракматов. Кыргызстанда... Читать дальше...



Президент дарыгерлерди кайрадан мобилизациялоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-июлда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Жээнбеков кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына көңүл буруп, учурдагы муктаждыктар боюнча так маалымат берүүнү тапшырган. Муну менен бирге азыркы шарттарда бейтаптарга орунду ыкчам табуу үчүн ооруканалардын бирдиктүү санарип картасын иштеп чыгууга чакырган. Читать дальше...

Ысык-Көл облусунун башкы педиатры коронавирустан улам көз жумду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков каза болду. Бул тууралуу аталган ооруканадан кабарлашты. 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан. Эдил Садыков 1958-жылы Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун аяктап, ошол эле жылы Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына интернатурага жиберилген. 1986-жылы ушул эле балдар ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Читать дальше...

Профессор Абдиманап Муратов пневмония оорусунан каза болду

Azattyk.org 

Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов каза болду. Мындай маалыматты маркумдун кесиптештери “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маалыматка ылайык, 59 жаштагы Муратов акыркы күндөрү пневмония менен ооруп жаткан. Абдиманап Муратов 1961-жылы Ош облусунда туулган. Ал Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген. Ал президенттин жана өкмөттүн аппаратында саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы катары иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары... Читать дальше...

Иран өзөктүк объекттеги “окуянын” себебин аныктаганын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын Улуттук Коопсуздук боюнча жогорку кеңеш өзөктүк объектте болгон инциденттин себебин аныктаганын билдирди. Бирок коопсуздук маселелерине шылтоо менен ачык айтуудан баш тартты. Нетенздеги уран байыткан заводдун имараты 2-июнда болгон жардыруудан же өрттөн улам жабыркап калган. Бул ар кандай имиштердин чыгышына жем таштаган. Өлкөнүн коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин маалымат катчысы Кейван Хосрави 3-июлда тергөөчүлөр “ар кандай жоромолдорду" текшергенден кийин "окуянын" себеби белгилүү болгонун билдирди. Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык мигранттардын пенсиясы боюнча мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Бул тууралуу жарлык 2-июлда Түркиянын "Расмий" гезитине чыкты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайsп Эрдогандын колу коюлган "Түркия жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык Коопсуздук Келишими" кабыл алынганы жазылган. Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимине 2018-жылы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп... Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында миңдей адам өтө албай турат

Azattyk.org 

Өзбекстан менен чектеш Казакстандын Түркстан облусундагы “Жибек Жолу” өткөрмө бекетинде миңден ашык адам өтө албай турат. “Азаттыктын” казак кызматы алар өзбек жана тажик мигранттары экенин жазып чыгышты. Алар бир канча күндөн бери мекенине өтө албай турушканын айтышкан. Алар өткөрмө бекетке жакын жердеги автобус станциясынын имаратында баш калкалап жатышат. Өзбек жана казак жарандары Казакстанга иштөө үчүн келип, карантинге байланыштуу мекенине кайтууга аргасыз болгон. Буга чейин да ушул өткөрмө... Читать дальше...

Жээнбеков АКШны Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын президенти Дональд Трампты Кошмо Штаттардын Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Куттуктоодо Жээнбеков Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө бардык күч-аракеттерди жумшай турганын билдирген. “Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын... Читать дальше...

Бишкектин тургундары: Вирустан корко баштадык...

Azattyk.org 

“Азаттык” Бишкек шаарынын тургундарына COVID-19 инфекциясынан кантип коргонуп жатасыз деген суроо узатты. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан. Адистер вирустан коргонуунун эң оңой жолу - беткап тагынуу, колду таза кармоо, эл чогулган жерге барбоо жана аралыкты сактоо экенин эскертип келишет.

Францияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкери 30 жылга кесилди

Azattyk.org 

Париж соту Франциянын жаранын 2013-2015-жылдары «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкери катары Сирияда кылмыштарга барганы үчүн отуз жылга эркинен ажыратты. 3-июлда чыккан соттун өкүмүнө ылайык, отуз жаштагы Тайлер Вилус «Ислам мамлекети» радикал уюмунун бир бөлүгү саналган “Ал-Мухажирин” террордук тобуна кошулганы жана адам өлтүрүүгө барганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал топко негизинен Түндүк Кавказ жана Борбор Азиядан баргандар кошулган жана алар Сириядагы бир катар кылмыштарга жоопкерчилик алышкан. Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

5-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35 градус ысык болот... Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

В МХТ имени Чехова 8 и 9 мая пройдет концерт с песнями Булата Окуджавы





Персональные новости
10

Доходность инвестиций в недвижимость в Пскове составляет 10%





Ырчы, обончу Тургуналы Нурматов каза болду

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы жана обончу Тургуналы Нурматов каза болду. Бул тууралуу анын жакындары “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Нурматов акыркы жылдары инсульт алып, катуу ооруп жүргөн. Соңку айларда ооруканада комада жаткан. Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени Талас шаарында жерге берилет. Тургуналы Нурматов ырчы жана обончу катары белгилүү. “Кыргызымдын жигиттери”, “Той ыры” деген сыяктуу элге таралган ырлардын автору. 2019-жылы президенттин жарлыгына ылайык... Читать дальше...

Боронов аймактарда абалдын начарлашына даяр болууга чакырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу Бишкек шаарында катталган абалга башка аймактар даяр болушу керек экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчысы 3-июлда билдирди. Ал аймак жетекчилерин абал начарласа, ооруканаларда кошумча орундарды даярдоону ташырды. “Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын-ала даярдагыла. Читать дальше...

Сомалидеги жардыруудан жети киши жарадар болду

Azattyk.org 

Сомалинин баш калаасы Могадишодогу порттордун биринде жанкечтинин автоунаасы жарылып, жети киши жараат алды. Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ ала элек. Жанкечти автоунаасы менен көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүп кеткенден кийин полиция кызматкерлери машинеге карай ок жаадырышкан. Бул тууралуу Сомалинин Маалымат министрлигинин пресс-катчысы Исмаил Мухтар билдирди. Эки полиция кызматкери жана бир нече жай тургун жарадар болду. Адатта бул чөлкөмдөгү мындай кол салууларды “Ал-Каида» террордук... Читать дальше...

АКШда коронавирус жуктургандар көбөйдү

Azattyk.org 

АКШда соңку күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү. Акыркы үч суткада илдетти жаңы жугузгандардын саны күн сайын 50 миңден ашты. Көз карандысыздык күнүнө даярданып жаткан өлкө бийлиги адамдарды үйүнөн чыкпоого чакырууда. Бир катар штаттарда ишканалар убактылуу ишин токтотту. 50 штаттын ичинен кыркында вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. АКШнын түштүк жана батыш штаттарында абал курч болуп турат. Флоридада күнүнө оң миңден ашык адамдан вирус аныкталып, ооруканага жаткандар көбөйүүдө. Читать дальше...

Сузакта зомбулуктун айынан эненин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Сузакта бычакталган 63 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөө баласы шек саналып камалды. Маркумдун жараат алган жолдошу азыр ооруканада жатат. Окуяга жаш үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жигиттин агрессивдүү жүрүм-туруму себеп болгону айтылууда.

Бишкекте төрт медициналык стационардык борбор ачылууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарында төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ачыла турган борборлор сасык тумоо, пневмония, респиратордук вирустук инфекция жугузуп алган адамдарды кабыл алат.  Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, стационардык борбор үчүн Ленин районунда “Газпром” спорттук комплекси, Биринчи май районунда Кожомкул атындагы спорт ордосу, Свердлов районунда Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Игра в футбол на каблуках: как блогеры резко стали футболистками и решили завоевать новые горизонты


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московская железная дорога присоединилась к экоакции





Путин в России и мире
Москва

Шойгу рассказал о формировании Московского и Ленинградского округов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский взял Залужного в заложники? В Киеве начинается новый скандал


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певице Самойловой испортили лекарство за 795 тыс рублей в гостинице Геленджика



Москва

Матвиенко: укрупнение регионов - не самоцель, а вопрос эффективности России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net