Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 17.07.2020

Кино оператор Мурат Алиев пневмониядан кайтыш болду

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген маданият ишмери, советтик жана кыргызстандык кино оператор Мурат Алиев 17-июлда оорудан 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Кесиптештери "Азаттыкка" Алиев пневмониядан каза тапканын билдиришти. Мурат Алиев жаш муундагы операторлорду тарбиялап келген. 1997-2002 жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. "Asian World Film Festival"(АКШ) үчүнчү фестивалында Мурат Алиевге “Дүйнөлүк кинематографка кошкон салым үчүн” аттуу сыйлык ыйгарылган. Читать дальше...

ЕАЭБ кыйналган Кыргызстанга эмне берет?

Azattyk.org 

Минскиде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары пандемия башталгандан бери биринчи жолу жүзмө-жүз көрүшүп, жыйынга чогулду.

Арстанбапта сел төрт үйдү жарактан чыгарды

Azattyk.org 

Базар-Коргондун Арстанбап айылында 16-июлдагы сел кырсыгынын кесепетин жоюу жана чыгымдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Район акими Бакыт Козуев 17-июлда "Азаттыкка" билдиргендей, сел ташкыны төрт үйдү бузуп кетти.



COVID-19: Израиль менен Барселона карантин чараларын кайта киргизет

Azattyk.org 

Израилде соңку бир күндө коронавирус дагы 500гө чукул адамдан аныкталды. Өлкө бийлиги оору жайылып жаткандыктан ресторандарды кайра жапты жана эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салды. Тель-Авив дем алыш күндөрү дүкөндөр, музейлер жана көңүл ачуучу жайлардын баары жабык болорун билдирди. Израиль коронавирус пандемиясынан улам март айында карантин киргизип, аны май айынан тарта жумшартып жаткан. Бир канча аптадан бери оору жуккан учурлар тынбай өсүп жатат. Испаниянын Барселона шаарынын бийлиги да айрым карантин чараларын кайталап киргизди. Читать дальше...

Украинада "Голос" партиясы оппозицияга өттү

Azattyk.org 

"Голос" партиясы оппозицияга өткөнүн аталган партиянын Жогорку Рададагы фракциясынын жетекчиси Кира Рудык 17-июлда билдирди. Ал президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясын айыптап, бийликти "өзгөртүү керек" деп айтты. "Биз өлкөнү коргоп, реформа жүргүзөлү деп келгенбиз. Бирок азыр такай эле калп менен күрөшүп жатабыз. Биздин конструктив пайда алып келбей турганын түшүндүк. Бийликке жардам бербеш керек, аны өзгөртүү керек. Анын өзгөртүүгө мезгил жетти", - деди Рудык. "Голос" фракциясы... Читать дальше...

Казакстан Тажикстандагы орус жарандарына жол ачып берүүгө көндү

Azattyk.org 

Казак бийлиги Тажикстандан Орусияны көздөй өз автоунаасы менен жолго чыккан, бирок чек арада ара жолдо калган орус паспорту бар жарандарга жол ачып берүүгө макул болду. Хоженттеги орус консулдугу Нур-Султан ар бир автоунаа үчүн 1,5 миң доллар талап кыларын билдирди. Ал эми Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп баратканда Ташкентке ар бир машине үчүн 40 доллар төлөшү керек болот. Буга чейин тажик-өзбек чек арасында колдорунда орус паспорту бар 700дөй адам бир канча аптадан бери топтолуп турганы айтылган. Читать дальше...

Казакстанда жыл башынан бери 234 миңден ашык адам пневмонияга чалдыкты

Azattyk.org 

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул былтырккы жылдын ушул маалына карганда 3,3 эсеге көп экенин билдирди. Ага ылайык, жыл башынан тартып 15-июлга чейин өпкөсү кагынган 3327 бейтап көз жукмду. Буга чейинки расмий маалыматта пневмониядан 1772 адам ажал тапты, жалпысынан бул оору 98 миңден ашык адамдан аныкталганы эсептелип жаткан болчу. Алексей Цой 1-августтан тартып Казакстан коронавирус жана пневмония болуп ооругандарды чогуу эсептей турганын билдирди. Ал 17-июлда мындай чечим... Читать дальше...



Чолпон Жакупова: Бийлик демократиянын принциптерине туура келбеген жолго барып жатат

Azattyk.org 

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ачык кайрылуусун жарыялады.    Кайрылууда ал өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндө акыркы окуяларды мисал кылып, анализин жазган. Анда Кыргызстанда COVID-19 илдетине байланыштуу абал өтө оор экени, жарандык коом, ыктыярчылар кырдаалды жөнгө салууда эбегейсиз эмгек кылып жатканы айтылат. Өлкө жарандары көйгөй менен өздөрү жалгыз калганын белгилеп... Читать дальше...

Боршайком шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоону өткөрүүгө жумшала турган сумманы өзгөрттү. Бул маселе комиссиянын 17-июлдагы жыйынында каралып, республикалык бюджеттен пландалган 732 миллион сомдун ордуна 446 миллион 900 миң сом жумшалат деген чечим кабыл алынды. Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды. Шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларында иштегендердин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн... Читать дальше...

Тамашоучу катышкан жарнамалык ролик мыйзамга жат деп табылды

Azattyk.org 

Журналист Нуржамал Жаныбекова эки апта мурун "тамашоучу" Эмил Токтошев катышкан “Такси 180 Ош” компаниясынын жарнамалык ролигине чара көрүүнү суранып, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылуу калтырган. Ал кайрылууга агенттиктин Ош облусу жана шаары боюнча бөлүмү жооп берип, такси фирмасынын ролигинде “Жарнама” жөнүндө мыйзам бузуу аракети бар экени жазылган. Бул тууралуу журналист Нуржамал Жаныбекова “Азаттыкка” маалымдады. “Ролик чыккан күнү жоопкерчиликке тартуу боюнча онлайн кайрылуу калтыргам. Читать дальше...

Казакстан коронавирус менен пневмонияны кошуп санайт

Azattyk.org 

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 17-июлда мындай чечим Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын билдирди. Министр эки статистиканы бириктүү 1-августтан тартып башталарын маалымдады. Анын алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандар менен пневмония болуп ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырган. Ал 16-июлда кечинде "Твиттердеги" баракчасына "Коронавирустан сырткары жарандардын... Читать дальше...

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бизге абадай керек

Azattyk.org 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга абадай керек. Бул тууралуу 17-июлда президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтты. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы бул жолду куруу долбоору боюнча бардык тараптар саясий чечим кабыл алганын эске салып, аны ишке ашыруунун өзгөчө маанисин белгиледи: «Бизде деңизге чыгууга жол жок, пандемия шартында биз ар тараптан «жабылып» калдык. Чек аралар жабылды... Читать дальше...

Кыргызстанда жашоо минимуму 4900 сом деп эсептелди

Azattyk.org 

Социалдык фондддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов 17-июлдагы брифингде 2020-жылы жашоо минимуму 4900 сомду түзгөнүн билдирди. Анын айтымында, пенсионерлердин 58% жашоо минимумунан жогору өлчөмдө акча алат. “Бүгүнкү күндө пенсия өз убагында төлөнүп жатат жана мындан ары дагы төлөнүп турат. Пенсионерлер бул боюнча кабатырланбай эле койсо болот. Айта кетсек, өткөн жылы 600 миңден ашык пенсионерге жалпы 43 млрд. сомдон ашык пенсия төлөнгөн”, - деди Асанов. 2020-жылы алты ай ичинде Социалдык фонд 23 млрд. Читать дальше...

Акын Замира Жантаева кайтыш болду

Azattyk.org 

Көптөгөн ыр жыйнактарынын, обондуу ырлардын автору, акын Замира Жантаева 16-июлда 61 жашында каза болду. Маркумдун тааныштарынын айтымында, акындын өпкөсү сезгенип ооруп жаткан. Жантаева 1959-жылы 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында туулган. Бишкектеги Соода техникумун аяктаган. Эмгек жолун Кара-Кужур жумушчулар кооперативинде баштап, кийин райондун Керектөөчүлөр коомунда иштеген. Акыркы жылдары акындык чыгармачылыкка баш-оту менен кирип иштеп жаткан.  Маркумдун артында төрт кызы жана бир уулу калды. Читать дальше...

Дүйнөлүк банктын кеңешчиси: “Тез жардам” айдоочунун катасынан бузулган

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги “Тез жардам” кызматына жаңы сатып алынган автоунаалардын биринин бузулуп калганына байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Дүйнөлүк банктын техникалык консультанты Вячеслав Радченко автоунаа айдоочунун катасынан улам бузулганын билдирди: “Себеби, айдоочу блокировканын системасын өчүргөн эмес. Ал система жолу начар жерде гана колдонулушу керек болчу. Ошондуктан, машине бузулуп калган”. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жаңы алынган "Тез жардам" автоунааларынын... Читать дальше...

Дарыгерлерге миллиондогон акча чогулткан британ ардагери рыцарь болот

Azattyk.org 

Британ ханышасы Елизавета II кайрымдуулук акциясы менен дүйнөгө таанылган, өз өлкөсүндө улуттук баатырга айланган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Том Мурга рыцарь наамын ыйгарганы жатат. Наам алгандан кийин ардагерге өз ысымына “сэр” деген сөздү кошуп айтып-жазууга укук берилет. Том Мур 30-апрелде 100гө чыкты. Ал ошол айдын башында туулган күнүн утурлай аны өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана дарыгерлердин жаңы вирус менен күрөшүүдөгү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Градский

В Москве семью композитора Градского обязали убрать его машины с парковки концертного зала





Персональные новости
Владимир Путин

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП





Өкмөт: клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды

Azattyk.org 

Эл аралык маалыматтардагы патоморфологиялык иликтөөлөр, оорунун патогенези боюнча изилдөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды. Мындай чечим вице-премьер-министр Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен өткөргөн жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда коронавирус инфекциясынын адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары... Читать дальше...

Милициянын кайгуул кызматы машина ээлерине кайрылды

Azattyk.org 

Машинасын сатканда жаңы ээсине документалдык жактан толук өткөрүп бербегендер Милициянын кайгуул кызматынан жардам сурап кайрылып жатышат. 17-июлда мекеменин басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, машинанын жаңы ээси жол эрежесин бузганы үчүн “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыппул төлөө талабы мурдагы ээсине коюлууда. Жалпысынан жыл башынан бери 1010 адамдан арыз түштү, алардын 215и боюнча аткарылган иш натыйжасын берип, машинанын мурдагы жана жаңы ээлери жолуктурулган. Читать дальше...

COVID-19: Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселге чогулду

Azattyk.org 

Жума күнү, 17-июлда Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин башчылары аймактагы коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтууну сүйлөшүү үчүн Брюсселге эки күндүк саммитке чукул чогулду. Алар бул багытка 750 миллиард евро өлчөмүндөгү каражат бөлүп берүү планын талкуулашмакчы. Буга чейин мындай планды Франция менен Германия колдоп чыккан, бирок Европанын түндүгүндөгү бир нече мамлекет каршы болууда. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа үчүн "чынчылдыкты жана дымакты көрсөтүү маалы келгенин" билдирди... Читать дальше...

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

18-июлда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жана Ош облусунун тоолорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Читать дальше...

Көз жумган бейтап үчүн ыйлаган ыктыярчы окуянын чоо-жайын айтып берди

Azattyk.org 

Оорукананын алдында жан берген бейтапты сактап кала албаганын айтып ыйлаган ыктыярчы кыз окуянын чоо-жайын “Азаттык” радиосуна айтып берди. Өзүн София-Айдана Мурзаева деп тааныштырган кыз “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү экенин, абалы оорлогон бейтап жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу кабар 17-июлга караган түнү түшкөнүн, Ак-Ордо конушуна он мүнөткө жетпей барышканын айтты: “Эркек киши көчөдө экен. Сатурациясы 65ке түшүп калыптыр. Мен эки зымды улап, аппаратты жанындагы дүкөнгө сайдырдым. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Эксперт: корректировка порогов крупного и особо крупного ущерба по экономическим статьям оправдана и своевременна


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM



Москва

Фигурист Семененко приступил к тренировкам после травмы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net