Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 11.07.2020

Темир жолдун курулушун каалабаган күчтөр

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек-тажик темир жолуна такалган чек ара чыры, коронавирус кайра жукканы менен коркунучтуу, бакыттын сыры эмнеде? Дүйнөлүк басылмаларга апта ичинде чыккан макала, баяндарга сереп.

Изилдөө: Мигранттар эрежени так сакташат

Azattyk.org 

Коронавирус эпидемиясы учурунда москвалыктарга караганда эмгек мигранттары кыйла тартиптүү экенин көрсөттү. Муну Орусиядагы мигранттардын жүрүм-турумун изилдеген адистер аныктап чыгышты.

Президент жана өкмөт: Жалилов элди диний тарбиялоого зор эмгек кылды  

Azattyk.org 

Таанымал ханафий диниятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу бийлик жана коомчулук өкүлдөрүнүн атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда Жалиловдун элди руханий, диний, адеп-ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги болгону белгиленет. “Чубак ажы заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сабактары менен таанымал болуп, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессия аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон. Читать дальше...



Хабаровскиде миңдеген адам бийликке каршы демонстрацияга чыкты

Azattyk.org 

Хабаровскиде аймактын губернаторунун камалышына каршылык билдирген миңдеген адамдар президент Владимир Путинге каршы ураандарды чакырып жатышты. Алар «Падыша жоголсун!», «Путин ууру!»-деп кыйкырып турушту. Ар кандай эсептер менен 11-апрелде шаардын борбордук аянтына беш миңден 35 миңге чейин адам топтолду. Митингдер башка шаарларда да өттү. ЛДПР партиясынын мүчөсү Сергей Фургал 2004-2005-жылдары адам өлтүрүүнү уюштурган, бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 9-июлда камалган. Читать дальше...

Орус православ чиркөөсүнүн епискобу Жалиловдун көз жумганына байланыштуу мусулмандарга көңүл айтты

Azattyk.org 

Бишкек жана Кыргызстан орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епискобу Даниил Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушевге диниятчы Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү. Катта епископ Даниил кыргызстандыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн жазган. Чубак ажы Жалилов Орто Азияда ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда барандуу салымын кошконун белгилеген. Казакстандын муфтийи Наурызбай ажы Таганулы дагы дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун... Читать дальше...

Казакстанда 99 миңдей адам пневмония менен катталды

Azattyk.org 

Казакстанда июль айынын биринчи аптасында эле 40 миңдей киши пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал пневмония менен жабыркагандардын жарымынын анализинен коронавирус табылбаганын кошумчалады. Министрдин айтымында, бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,3 эсе көп. Цойдун айтымында, жыл башынан бери пневмониядан жабыркаган 99 миңдей адам катталган, илдеттен 1800гө жакын киши көз жумган. Ал эми расмий статистикага ылайык... Читать дальше...

Караколдо жаштар "Тез жардамдын" автоунаасын оңдотуп жатышат

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында "Тез жардам" кызматындагы кырсыктан улам төрт жылдан бери жүрбөй турган автоунааны жаштар оңдоп бергени жатышат. Бул тууралуу демилгечи жаштардын бири Жоомарт Жамангулов маалымдады. "Март айында карантин башталганда постторго тамак ташып, ошол жерде туруп аттык. Ошол эле учурда муктаждарга азык-түлүк жеткирип да жүрдүк. Бул жолу шаардык штабдын мүчөлөрүнө кандай көмөк керек деп кайрылдык. Шаардык поликлиниканын жетекчиси 2015-жылы жол кырсыгына кабылган "Тез жардам" автоунаасы бар экенин айтып... Читать дальше...



Белградда демонстранттар күч менен таркатылды

Azattyk.org 

Сербиянын баш калаасы Белградда өкмөткө каршы демонстрацияга чогулгандарды таркатуу үчүн полиция жаш чыгарчу газ колдонду. Акциянын катышуучулары төртүнчү түнү катары менен парламенттин алдына чыгышып, бийликтин кызматтан кетишин талап кылышты. Толкундоолордун башталышына президент Александр Вучичтин катаал карантин киргизүү тууралуу чечими түрткү болду. Бийлик бул кадамынан баш тартса дагы, демонстрациялар токтогон жок. Вучич парламенттин алдындагы башаламандыкты уюштурган «башкесерлер» жеңилерин... Читать дальше...

Бишкектин тургунун үйүнөн өлтүрүп кетишти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына 11-июлда саат таңкы 5:30 чамаларында Нарвская көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу каракталганы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-оперативдүү тобу келип, Л.Ф аттуу жарандан жазуу түрүндө арыз алышкан. Милициянын маалыматына ылайык, арызда ал жаран 11-июлда саат таңкы төрт чамаларында 20-30 жаштагы белгисиз кишилер үйдүн 1-кабатындагы терезени талкалап кирип, күч колдонуп анын, Д.Б аттуу күйөөсүнүн колун байлап... Читать дальше...

Караколдогу стационарга айылдан келгендер көп

Azattyk.org 

Караколдо эки жерде уюштурулган күндүзгү стационарларга күнүнө 300гө жакын адам кайрылууда. Аларга болгону 15 медицина кызматкери кызмат көрсөтүп жатат. Стационарларга өзгөчө жакынкы айылдардан келгендер көп. Ыктыярчы жаштар медиктерди колдоп, тамак-аш, дары-дармек ташып жүрүшөт.

Сребреница курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өткөн жок

Azattyk.org 

Босния жана Герцоговинада Сребреница кыргынынын 25 жылдыгына арналган негизги иш-чаралар пандемияга байланыштуу өткөн жок. 1995-жылдын июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында cегиз миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. 1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган. Эл аралык соттор бул окуяны геноцид катары таанышкан, бирок сербиялык жана босниялык сербдер муну четке кагып келишет. Читать дальше...

Министрлик: Чубак ажы Жалилов ооруканага оор абалда келген

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги "диниятчы Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпитал кабыл албай койгон" деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Министрликтин маалымдашынча, Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай бейтап 11-июлда түнү саат үчтөрдө көз жумган. Буга чейин жакындары бейтап ага чейин өпкөсүнөн кагынып, үйүндө дарыланып жатканын маалымдашкан. Читать дальше...

АКШда коронавирус бир суткада 63 миң адамдан табылды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда соңку бир суткада 63 миңден көп кишиден коронавирус аныкталды. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык бул мамлекетте аталган илдетке кабылгандардын саны 3,1 миллиондон ашты. 134 миңден ашуун адам каза тапты. Адистер жакынкы күндөрү оорудан өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Президент Дональд Трамп коронавируска кабылгандардын көбөйүшүн жапырт тесттен өткөрүүнүн өсүшүнө байланыштырууда. Башкалар карантинден кийин коомдук жайлардын ачылышынан көрүшүүдө.... Читать дальше...

УКМК: Ибраимов мэр болуп тургандагы сейил бактардын курулушу боюнча иш ачылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) медиадагы маалыматтарды текшерүүнүн негизинде 2017-жылы парктардын курулуш ишинде баалар жогорулатылган фактылар аныкталганын маалымдады. “2017-жылы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тушунда “Жаштар”, Фучик жана Кара-Жыгач парктарын оңдоп-түзөөгө жалпы 90 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылы 27-ноябрда Свердлов райондук админстрициясы менен жеке менчик ишканалардын бири 3 млн. сомдон ашык каражатка келишим түзөт. Андан кийин кошумча дагы 3 млн. Читать дальше...

Адам өмүрү үчүн күрөшкөн жаш дарыгерлер

Azattyk.org 

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Бишкектин сыртындагы мурдагы "Ганси" аба базасында жайгашкан стационарда өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, бейтаптарды дарылап жатышат. Медиктер белгилегендей, ал жерде 1000ге чукул бейтап бар.

Хабаровскиде губернатордун камалышына каршы ири акция өттү

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск шаарында аталган аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы ири демонстрация өттү. Ага ар кандай эсеп менен беш миңден 35 миңге чейин адам катышты. Ушундай эле акциялар Комсомольк-на-Амур, Эльбан, Солнечный жана башка шаарларда уюштурулду. Бул Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндөгү соңку бир нече жылдан бери өткөн биринчи ири акция. Демонстранттар «Мен/Биз Сергей Фургал», «Фургалга эркиндик», «Ал талап-тоноосуна жол берген эмес» деген ураандарды чакырып жатышты.   Аларга... Читать дальше...

Эрдоган Айя-Софияны мечитке айлантты

Azattyk.org 

Түркиянын мамлекеттик кеңеши Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары ачыларын маалымдады. Проваслав чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү түркиялык соттун бул чечимин сындашты. Түркиянын "Тарыхый эстеликтер жана коомго кызмат" фонду үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда өлкөнүн Министрлер кеңешине Айя-Софияны мечитке айландыруу өтүнүчү менен арыз жазган. Министрлер кеңеши 10-июлдагы отурумунда тараптардын берген көрсөтмөлөрүнүн жыйынтыгы менен “Айя-София музейи мечит катары ачылсын” деген бүтүм чыгарган. ... Читать дальше...


Музыкальные новости
Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM





Персональные новости
Сбер

Сбер подарил Орлу умный светомузыкальный фонтан





ТИМ: Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратына кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандары тарабынан кызматкерлерге кол салуу, коркутуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын маалымдады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тышкы саясат мекемеси тараткан маалыматка ылайык, учурда Орусиянын Ички иштер министрлиги "WhatsApp" мессенжери аркылуу “Москва шаарындагы кыргыз элчилигинин имаратына кол салууга үндөгөн жарандарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Учурда “Москва изилдөө... Читать дальше...

Кыргызстанда медициналык мекемелерге бирден куратор бекитилди

Azattyk.org 

Вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери Бишкектеги ооруканаларга жана стационарлардын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жаткан камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, №1 шаардык клиникалык ооруканага вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына вице-премьер-министр Аида Исмаилова жоопкер болот. Читать дальше...

Орусияда жасалма кыргыз паспорту менен жүргөндөр аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жасалма кыргыз документтери менен жүргөн башка өлкөнүн жарандары аныкталганын маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн 35 жаштагы жараны Орусияда жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин 30 жаштагы жараны да кыргыз паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүргөнү аныкталды. Мындан сырткары Орусияда Жалал-Абал облусунун 28 жаштагы тургуну жасалма айдоочулук күбөлүк, Баткен облусунун 48 жаштагы тургуну жасалма паспорт... Читать дальше...

Кыргызстанда дагы 79 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

11-июлда өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Алардын 20сы Бишкек шаарында, 34ү Чүй облусунда, сегизи Ош шаарында, үчөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Нарын облусунда. Ал эми акыркы бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 1529 медициналык кызматкер катталган. Читать дальше...

11-июль: пневмониядан 32, коронавирустан үч адам кайтыш болду

Azattyk.org 

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан үч, пневмониядан 32 бейтап каза болду. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. COVID-19 илдетинен Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жаткан 65 жана 51 жаштагы, Лейлек аймактык ооруканасынан 44 жаштагы эркек бейтаптар көз жумду. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 125 кишиге жетти. Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын сегизи Бишкекте, калгандары аймактарда. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время движения поездов от Москвы до курортов Черноморского побережья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Валерий Гергиев — о судьбе театров после объединения Мариинки и Большого



Москва

Губернатор Владимир Мазур и гендиректор выставки "Россия" вручили 11-миллионному посетителю сертификат на путешествие в Томск

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net