123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 02.07.2020

Өмүрбек Текебаев: пандемияда өкмөт да, өзүбүз да жоопкерчиликти көрсөтпөдүк

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын жайылышы жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев 2-июлда өкмөткө, элге, ишкерлерге видеокайрылуу жасады. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган видеосунда коронавирусту "адамзатка 100 жылда бир келүүчү апаат" деп сыпаттады. "Эки ай карантинде өкмөт жана эл вирус менен күрөшүүгө даяр болушу керек эле. Окумуштуулар аны менен кантип күрөшүүнү, кантип дарыланыш керектиги тууралуу... Читать дальше...

Айя-София мечитке айланабы?

Azattyk.org 

Стамбулдагы атактуу Айя-София музейинин макамы талкуу жаратууда. Түрк соту дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген бул жайды мечитке айландыруу маселесине жакын арада чекит койгону турат. Бирок Грекия, АКШ сыяктуу айрым өлкөлөр Айя-Софиянын музей бойдон калышын каалашат.

COVID-19 бийликке сынды күчөттү

Azattyk.org 

Дарыгерлер коронавируска байланыштуу кырдаал мындан да курчуй турганын эскертишүүдө. Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев күнүнө жүздөгөн адам илдетке кабылып жаткан пандемияны согуш абалына теңеди.



Адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан кайтыш болду

Azattyk.org 

Адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда Бишкекте эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов ырастады. Кайрат Загибаевдин «Фейсбуктагы» баракчасына тааныштары көңүл айткан билдирүүлөрдү жазып жатышат. Маркум пневмония менен беш күн мурда ооруканага түшкөнү белгилүү болду. 62 жаштагы Кайрат Загибаев бир катар чуулгандуу иштерде айыпталгандардын адвокаты болгон. Анын ичинде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин, мурдагы депутат Хажимурат... Читать дальше...

Эки бир туугандан ажыраткан пандемия

Azattyk.org 

Акыркы суткада 526 адамдан илдет аныкталды. Үч күндө пневмониядан 43 бейтап каза болду. Кырдаал күндөн күнгө курчуп, бейтаптарды дарылаганга адистер жана медициналык шаймандар тартыш болуп жатат.

Касым-Жомарт Токаев Роза Отунбаевага көңүл айтты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага энеси Салийка Даниярованын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун басма сөз кызматы кабарлады. Көңүл айтуу телеграммасында «Салийка Даниярова өмүр жолун ардактуу жана кадыр-барктуу кесипке – мугалимдикке арнап, жаш муунду тарбиялоодо айкын үлгү болду. Ал эгемен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу муунду тарбиялаган баатыр-эне катары урматка ээ болду» деп жазылган. Читать дальше...

Жоболоңдуу жол кырсыктары күч алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы бир аптада үрөй учурган жол кырсыктары катталды. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте "жолдор коопсуз болуп калды" деп айтып жаткан күнү Бишкектен "Манас" абабекетине кеткен жолдогу кырсыктан эки киши көз жумду. Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда. Акыркы бир аптада Кыргызстандагы жол кырсыгынан кеминде 11 киши өлүп, үч адам жабыркады.

Нурсултан Назарбаев коронавирустан айыкты

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай 2-июлда «Твиттердеги» баракчасына экс-президенттин коронавируска кайталап тапшырган анализдери таза чыкканын жазды. Ал Назарбаев дагы эле обочодо болорун белгилеп, мындай билдирүүсүнө спорт костюмчан, кара көз айнек тагынган Назарбаевдин сүрөтүн кошо тиркеди. Назарбаевге коронавирус жуканы 18-июнда белгилүү болгон. Басма сөз катчысы жергиликтүү басылмаларга анын оорусу жеңил өтүп жатканын билдирген. Казакстанды... Читать дальше...



COVID-19 мууну: Эртегиндин эртеңи

Azattyk.org 

«Биз жана дүйнө» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында коронавирустун билим берүүгө тийгизген таасирине токтолобуз. Европанын билим берүү системасынан Кыргызстан өрнөк алчу кандай мисалдар бар? Пандемия билим берүүнү канчалык өзгөртөт? Эки өлкөдө тең билим алган кыргызстандык окуучулардын көзү менен Чехиянын жана Кыргызстандын орто мектептерин салыштырабыз.

Doctor kg+: Профессор Исхар Фунлоэр кайтыш болду

Azattyk.org 

Бишкекте медицина илимдеринин доктору, профессор Исхар Фунлоэр кайтыш болду. Мындай маалымат 2-июлда кыргызстандык дарыгерлердин «Фейсбуктагы» Doctor KG+ баракчасына жарыяланды. Ал Улуттук госпиталдын урология корпусунун кабыл алуу бөлүмүндө көз жумганы айтылып, «эң өкүнүчтүүсү, ага орун табылганча үзүлүптүр» деп жазылды. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган жок, бирок азыркы тапта урология бөлүмүндө коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланууда. Окуу жайынан жана Саламаттык сактоо... Читать дальше...

Жалал-Абад шаарына бир катар чектөөлөр киргизилди

Azattyk.org 

Соңку кырдаалга байланыштуу 3-июлдан тартып Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул туурасында мэриянын маалымат борбору билдирди.  Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу Жалал-Абад шаарында кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.  Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт убактылуу каттабайт. Базарлардын иш мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди. Читать дальше...

Интернет театрга жаңы жолду көргөздү

Azattyk.org 

Пандемия башталган март айынан бери Кыргызстандагы театрлар онлайнга көчтү. Бир нече спектаклди теле жана социалдык тармактар аркылуу элге тартуулашты.

Бишкекте дем алыш күндөрү такси кызматтарынын ишине уруксат берилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарында ишемби, жекшемби күндөрү такси кызматтарынын иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Муну менен айдоочулар санитардык талаптарды так сакташы керек. Коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу баш калаада коомдук транспорттун, коомдук тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Бишкекте коомдук транспорт - автобустар, троллейбустар, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин... Читать дальше...

Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди

Azattyk.org 

Стамбул-Бишкек аба каттамы менен 2-июлда «Манас» эл аралык аэропортуна Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар. Республикалык ыкчам штаб тараткан маалыматка караганда, бул рейс чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштин алкагында уюштурулду.  Коронавирус пандемиясынан улам бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда. Читать дальше...

«Курманжан датка» тасмасы түрк тилине которулуп, Түркияда көрсөтүлөт

Azattyk.org 

«Курманжан датка» кинотасмасы түрк тилине которулуп, Түркияда көрсөтүлмөй болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна фильмдин режиссёру, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз кабарлады. Анын айтымында, мындай келишим америкалык «All Right Entertainment Filmart» компаниясынын, кыргызстандык «Айтыш фильм» жана «Кыргызфильм» киностудияларынын ортосунда түзүлдү. Америкалык компания түркиялык «Фильм арт» дистрибьютерлик компаниясы менен келишим түзгөнү маалым болду. Режиссёр билдиргендей, түркиялык... Читать дальше...

Орусияда шайлоочулардын 78% жакыны Конституцияны өзгөртүүнү колдоду

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, протоколдордун 100% саналгандан кийин добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду. Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түздү. Конституцияны өзгөртүүнү колдогондордун саны боюнча Чеченстан озуп чыкты. Бул өлкөдө мындай көрсөткүч 97,92% жетти. Ненец автоном окуругунда тескерисинче референдумда бийликтин сунушун колдобогондор... Читать дальше...

Өкмөт: эл аралык аба каттамдары качан жанданары белгисиз

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам токтотулган эл аралык аба каттамдары кайра качан жанданары азырынча белгисиз. Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда онлайн брифингде бул тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.  Өкмөт башчынын маалыматына караганда, авиакаттамдардын ишин калыбына келтирүү тууралуу кээ бир мамлекеттерден сунуштар түштү. Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик кызматтары маселени карап чыккандан кийин гана чечим кабыл алынат. COVID-19 илдетинен улам 20-марттан тартып Бишкек... Читать дальше...

ДССУ коронавирус баштагыдан тез жайылып жатканын эскертти

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламатттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясы мурда болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып жатканына кабатыр болуп жатканын билдирди. Уюмдун эсебинде, ушул тушта дүйнө жүзүндө күн сайын COVID-19 жукккан 160 миңден ашык учур катталып жатат. АКШда эле оору жугузуп алгандар бир күндө 50 миңден ашык болуп көбөйдү. Кошмо Штаттарда коронавируска кабылгандар 2,7 миллион кишиге жетти. Ушундан улам айрым штаттарда кайрадан карантин киргизиле баштады жана карантин эрежелерин жумшартуу кийинкиге калды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Фредди Меркьюри

Амигуруми: как связать Фредди Меркьюри крючком (узор и схема)





Персональные новости
Владимир Путин

Умер пермский художник, нарисовавший президента Путина с мячом





Казак-өзбек чек арасында жүздөгөн тажик мигранты ара жолдо калды

Azattyk.org 

Казакстандын «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында мекенине кайтууну көксөгөн, Өзбекстандын чек арасынан өтө албай калган жүздөгөн тажикстандык жарандар топтолуп турат. Тажикстандын Казакстандагы элчилиги автобекетке тажик жарандары дагы топтолуп калганын ырастады, бирок алардын саны 100гө чукул эле адам экенин, негизинен кары-картаңдар, жаш балдар болорун белгиледи. Ушул тушта казак-өзбек чек арасында ара жолдо калгандар аларды бул жерге Алматы аркылуу тажик элчилигинин кызматкерлери жети автобус менен алып келишкенин... Читать дальше...

Боронов партияларды шайлоого жумшачу акчаны COVID-19 менен күрөшүүгө салууга чакырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда Бишкекте өткөн брифингде саясий партияларды парламенттик шайлоого жумшай турган каражаттарын коронавирус менен күрөшкө салууга чакырды. «Эл ар бириңиздердин эмгегиңиздерге, салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенем. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз», - деди Боронов. Ал саясий жана башка максаттарды коё туруп эпидемиологиялык абалды басаңдатканга болгон күчтү бириктирүү зарыл экенин кошумчалады. «Кандай гана саясий максаттар болбосун... Читать дальше...

3-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

3-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...

Иран өзөктүк жайдагы «окуянын» зыяны тийбегенин билдирди

Azattyk.org 

Иран бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттиги (МАГАТЭ) көзөмөлдөгөн жайларынын биринде «адаттан тыш жагдай» болгонун ырастады. Бирок анда кандайдыр бир зыян болбогонун билдирди. Атом энергетикасы боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди Натанздагы уран байыткан заводдун жаңы курулуп жаткан бир имараты гана жабыркаганын, ал «өндүрүш кампасы» гана болгонун билдирди. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Камалвандиге шилтеме кылып, «бул окуяда эч ким зыян... Читать дальше...

Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер жардамга келет

Azattyk.org 

Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  Бүгүн кечинде Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан, 3-июлда Баткен жана Жалал-Абад облустарынан дарыгерлер келиши күтүлүүдө. Алардын баары Бишкектеги медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат. Читать дальше...

АКШ Конгресси Гонконгдон улам Кытайга санкция салууну колдоду

Azattyk.org 

АКШда Өкүлдөр Палатасы Кытайдын Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамынан улам, Бээжинге санкция салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, эң ириде кытай бийлигиндеги бул мыйзамдын кабыл алынышына катышы бар аткаминерлерди тейлеген банктарга чара көрүлөт. Сент бул мыйзам долбоорду бейшембиде, 2-июлда караганы жатат, эгер колдоо тапса президент Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлөт. Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамды «бул аймактагы элди катаал жана аёсуз куугунтуктоо... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Актера Свиридова госпитализировали из-за инфицирования после операции в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Россиянка покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Мособлдума выступила за присвоение Красноармейску высокого звания


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Моргенштерн

Кто из российских звезд перевел миллионы рублей жертвам «Крокуса»: сколько пожертвовали SHAMAN, Моргенштерн*, Бузова, Крид, INSTASAMKA, «Пикник» и другие



Москва

Сергей Собянин рассказал, как Москва помогает производителям оборудования

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net