123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 06.07.2020

COVID-19: Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков оорудан улам дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 6-июлда түнгө маал өпкө кагыны илдетинен каза болгонун парламенттен ырасташты. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков эки өпкөсү кагынып, Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Акыркы күндөрдө анын абалы оор экени жана жасалма дем алдыруу аспабынын (ИВЛ) көмөгү менен дем алып жатканы айтылган. 5-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Ч.Турсунбековдун кан басымы... Читать дальше...

Жээнбеков: өлкөдө өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык  штабды дары-дармектердин, беткап жана тазалоочу, коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алууга чакырды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбеков күзгү-кышкы мезгилге, сезондук илдеттерге, жер-жерлердеги ооруканаларды жабдууга өз маалында даярдыктарды көрүүнү талап кылды. Заманбап шартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар... Читать дальше...



Орус соту журналистти айыпка жыкты

Azattyk.org 

Орусиянын Псков шаарында аскердик сот журналист Светлана Прокопьеваны терроризмди актагандыгы үчүн айыптуу деп таап, 500 миң рубль айыпка жыкты. «Радио Свобода» менен кызматташкан Прокопьева күнөөсүн моюнга алган жок жана өкүмгө каршы жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын айтты.

COVID-19: Аймактарда да абал курч

Azattyk.org 

Коронавируска каршы түзүлгөн республикалык штабдын маалыматы боюнча 18-марттан 6-июлга чейин өлкө боюнча 7691 кишиге COVID-19 жукса, анын 3305и Бишкек шаарынан чыккан.

Кыргызстандагы архив кызматтары аралыктан иштөөгө өттү

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте жайгашкан Архив агенттиги карантинге жабылды. Ал эми республикадагы архив кызматтары аралыктан иштөөгө өтүштү. Архив кызматтарынан маалымат жана кеңеш алыш үчүн жарандар Мамлекеттик каттоо кызматына же 119 номерине кайрылса болору айтылды. Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирустан дагы төрт адам, ал эми пневмониядан 18 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 92 адамга жетсе... Читать дальше...

Экс-президент Роза Отунбаева Назарбаевди 80 жылдыгы менен куттуктады

Azattyk.org 

Экс-президент Роза Отунбаева Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракесине байланыштуу 6-июлда куттуктоо катын жолдоду.  Анда Назарбаевдин Казакстандын тарыхындагы орду чоң экени белгиленген. Назарбаев республиканы СССР ыдыраганга чейин эле партиялык лидер катары башкарып, кийин президент болуп шайланганы, өлкөдө көптөгөн ийгиликтер болгону айтылган. Ал башкарган жылдары Казакстанда олуттуу реформалар жасалып, ийгиликтер жаралганы жазылган.   Казакстанды дээрлик... Читать дальше...

Путиндин тууганы «Эл коррупцияга каршы» партиясына лидер болду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин аталаш тууганынын баласы Роман Путин «Эл коррупцияга каршы» партиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган партиянын башкы саясий кеңешинин жетекчиси Григорий Анисимов билдирди. Добуш берүү жашыруун өттү жана Роман Путин беш жылдык мөөнөткө шайланды. Ал бул партиянын төрагасынын кызматына киришип жатып, башкы максат сентябрь айындагы аймактык шайлоого, андан кийин Мамлекеттик Думага шайлоого катышуу экенин белгиледи. Путиндин тууганы «Эл коррупцияга каршы» партиясына өткөн айда мүчө болгон. Читать дальше...



COVID-19: Иранда адам өлүмү боюнча эң чоң көрсөткүч катталды

Azattyk.org 

Иранда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 163 адам көз жумду жана бул пандемия маалындагы эн чоң көрсөткүч болуп калды. Буга чейинки эң чоң көрсөткүч 29-июнда катталган. Анда бул илдеттен өлкөдө 162 бейтап жан берген. Ирандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, акыркы бир күндө COVID-19 дагы 2560 адамдан табылды жана өлкөдө ооругандардын жалпы саны 240 миңден ашты. Коронавирустан 11,5 миңден көп бейтап көз жумду. Өлкөдөгү оору жуккан учурлар бийлик быйыл апрель айында киргизген... Читать дальше...

Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 8, 15, 22 жана 29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейстер пландаштырылганы жазылган. Чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша аткарылат. Ошондой эле «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 8-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 8-июлдагы чартердик авиарейске жарактуу болору кабарланды. Буга чейин коронавирус... Читать дальше...

Атактуу музыкант Эннио Морриконе дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Италиялык атактуу музыкант Эннио Морриконе 91 жашында дүйнөдөн кайтты. ANSA маалымат агенттиги белгилүү италиялык композитор жана дирижёр Эннио Морриконе мындан бир канча күн мурда жамбаш сөөгү сынып Римдеги ооруканага жаткырылганын жазды. Маркум «Бир жолу Жапайы Батышта», «Пианист жөнүндө уламыш», «Кесипкөй», «Бошогон Жанго» сыяктуу баш-аягы 500дөн ашык тасмага жана сериалдарга музыка жазган. Атактуу музыкант Оскар сыйлыгын эки жолу алган. Алгач Морриконеге бул сыйлык 2007-жылы кинематографияга кошкон салымы... Читать дальше...

Чолпон-Атада күндүзгү стационарлар ачылууда

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында күндүзгү стационар үчүн үч чатыр тигилди. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан үч чатырда 15 бейтап үчүн орун даярдалды. Мындан тышкары, райондун акими Данир Иманалиев «Азаттыкка» билдиргендей, эс алуучу жайларда да өзүнчө изоляторлор даярдалды.  «Жалпы район боюнча ар бир пансионат, санаторий жана эс алуу жайында бештен 40ка чейин бейтапты кабыл алууга жарай турган изоляторлор даярдалды. Жалпысынан район боюнча 935 адамга эсептелген изолятор бар. Читать дальше...

Президент өкмөттү чабал иши үчүн сындады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында элге алгачкы медициналык жардам берилбегени жана алдын алуу иштери жасалбаганы үчүн өкмөттү сындады. Мамлекет башчы Саламаттык сактоо министрлигин жана Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабды дарыгерлердин запасын толуктай албаганы үчүн айыптады. «Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга... Читать дальше...

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир районуна атайын жабдык сатып берет

Azattyk.org 

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир райондук ооруканасын суюк кычкылтек берип туруучу орнотмо менен жабдымай болду. Бул тууралуу 6-июлда «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.  Анын айтымында, фонддун байкоочу кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, бул максатта 10 миллион сом бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. «Кычкылтек концентраторунан да натыйжалуу атайын орнотмо бар экен. Суюк кычкылтекти толтуруп алып, аны ар бир бөлмөгө өзүнчө түтүк аркылуу тарттырып алса болот. Читать дальше...

Ысык-Көл аймагын убактылуу жабуу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок курчуп кетиши ыктымал болуп турат. Бул тууралуу 6-июлда «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Анын айтымында, бүгүн коронавируска каршы ыкчам штабдын отуруму өтүп, облусту жабуу маселеси көтөрүлдү, бирок андай чара көрүлбөй турган болду. Кожоев белгилегендей, облустун ар бир тургуну өз ден соолугуна өзү кам көрүшү керек деген чечим кабыл алынды. «Буга чейин инфекция жугузуп алгандар бирин-серин эле катталып жаткан болсо... Читать дальше...

Жылаажын аваз жылдыз учту...

Azattyk.org 

Капысынан келген илдет кыргыз журналистикасынын чыгааны, кесиптешибиз Бүбүкан Досалиеваны арабыздан алып кетти.

Жээнбаева: Элден түшкөн акча медицина кызматкерлерине кошумча төлөмгө жумшалды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш үчүн ыктыярдуу түрдө элден түшкөн акча медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө сарпталды. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 6-июлда брифингде билдирди. Анын айтымында бул боюнча бардык документтер бар. «Бул акчанын баары атайын комиссиянын чечими менен сарпталган. Комиссиянын курамында, өзүңүздөр билгендей, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да бар», - деди Жээнбаева. Министрдин маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлигине кошумча 391,7 млн. Читать дальше...

Элди кыйнаган оору, эки ача эсеп

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирустан каза болгондорго караганда пневмониядан өлгөндөр көп эсе болууда. Бирок өкмөт өпкөсү кагынып кайтыш болгондорду COVID-19дун расмий статистикасына кошкон жок. Буга эмне себеп?


Музыкальные новости
Тимати

Новый владелец «Блэк Стар Фудс» Совада подал иск против Тимати на 7 млн рублей





Персональные новости
Желдорреммаш

В АО "Желдорреммаш" введен единый Стандарт системы неразрушающего контроля на производстве





Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

7-июлда Ысык-Көл облусунан башка аймактарда күн ачык болот. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33; Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27; Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27; 7-июлда Бишкек шаарында күн ачык болот. Читать дальше...

Өзбек ТИМи чек аралар ачылганы тууралуу маалыматка ишенбөөгө чакырды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) орус-казак чек арасы аркылуу мекенине кайтууну каалаган жарандарга кайрылды. Анда бул чек аралар ачылганы тууралуу маалыматтар жалган экенин белгилеп, ага ишенбөөгө, алдамчыларга жем болуп калбоого жана сак болууга чакырды. Министрликтин маалыматына караганда, кийинки күндөрү социалдык тармактарда, мессенжерлерде Орусия менен Казакстандын чек арасынан өтүп Өзбекстанга кайтса болору тууралуу жалган маалымат тарап жатат жана чек арадан акчага өткөрө аларын айткан шылуундар пайда болду. Читать дальше...

Министрлик бейтаптардын жакындарын эрежени сактоого чакырды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги убактылуу ачылган стационарга жакындарын өз алдынча алып баргандарды кооптуу зонага өтпөөгө чакырды. 6-июлда министрдин орун басары Мадамин Каратаев түз эфирдеги брифинг учурунда элге кайрылп, бейтаптардын жакындарына санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сакташ керек экенин эскертти. Анын айтымында, «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» базасында ачылган убактылуу жайда айрым бейтаптардын жакындары оору жугушу ыктымалдыгы жагынан кооптуу деп эсептелген зонага өтүп кетүүдө. Читать дальше...

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Бүгүн 6-июлда, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын баш калаасынын күнү менен куттуктады. Ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине - тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады. Мындан тышкары мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан... Читать дальше...

COVID-19: Индия оору жуккандар боюнча үчүнчү орунга чыкты

Azattyk.org 

Индия коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча Орусияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыкты. Бул өлкөдө илдетке 697 миңдей киши кабылды. Орусияда соңку бир күндө COVID-19 дагы 6600дөн ашык адамдан табылды жана ооругандардын жалпы саны 688 миңге чукулдап калды. COVID-19дан 10 миңден көп бейтап кайтыш болду. Ооругандардын жана бул илдеттен кайтыш болгондордун санына карап дүйнөдө биринчи орунда турган АКШда коронарус 2,8 миллиондон ашык адамдан табылып, 130 миңдей бейтап көз жумду. Дүйнө жүзүндө... Читать дальше...

Испанияда Саграда Фамилия чиркөөсү кайра ачылды

Azattyk.org 

Испаниянын Барселона шаарында мындан төрт ай мурун коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган белгилүү Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды. Шаар бийлиги алдыдагы эки аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү бул жайга эң биринчи кезекте COVID-19га каршы күрөшкөн дарыгерлер үчүн турлар уюштуруларын билдирди. Андан кийин полиция кызматкерлери жана кайрымдуулук менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштегендер киргизилет. Алардан соң барселоналыктар үчүн эшигин ачат. Жергиликтүү... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соперница Арины Соболенко разрыдалась на плече белоруски


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Швеция хочет ограничить доступ в Балтийское море российским танкерам





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о догазификации СНТ  


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Татьяна Рязапова

Если ты не поступил в колледж или вуз



Москва

Президентская библиотека пригласила дончан принять участие в квиз-турнире, посвящённом Александру Невскому

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net