Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 09.07.2020

Ысык-Көлдө маршруттук автобустарга 15 күнгө чектөө кирет

Azattyk.org 

"Азаттык" мындан ары аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялап турат.   Баткен Баткен облусунда 1790 стационардык орун даярдалды.  Өзбекстандын Фергана облусунан жалпы баасы 6 млн. 300 миң сомду түзгөн медициналык каражаттар келди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктай турган лабораториялык шаймандар бар.​ Ош 9-июлда Ош облусунун бир катар аймактарында коронавирус илдетинин алдын-алуу максатында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте дезинфекциялоо иштери жүрдү. Читать дальше...

АКШ кытайлык төрт аткаминерге санкция салды

Azattyk.org 

АКШ Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына каршы "үрөй учурган" укук бузуулар үчүн Кытайдын жогорку даражалуу төрт расмий өкүлүнө санкция салды. Мындай маалымат 9-июлда Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Кытайдын Шинжаң аймагынын губернатору Чэн Цюаньгого, аймактын саясий жана юридикалык комитетинин мурдагы башчысы Зу Хайлунга, коопсуздук тармагын тескеген жетекчиси Ван Мингшэнге жана Шинжаңдын коопсуздугун көзөмөлдөгөн мурдагы жетекчиси Хуо Лучюнга Кошмо Штаттарга виза берилбейт. Читать дальше...

Помпео Вашингтондун ДССУ боюнча чечимин коргоду

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу чечимин коргоду. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун бул мекемеси башкы милдеттерин аткара албай жатканын 9-июлда журналисттерге билдирди. Мындан тышкары АКШнын башкы дипломаты уюм коронавирус пандемиясын жана эбола сыяктуу буга чейинки эпидемияларды ооздуктай албаганын баса белгиледи. Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген. Читать дальше...



Куршабдагы оорукананын дарыгерлеринин кайым айтышы

Azattyk.org 

Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун басары Тургунбай Кадыров буга чейин "Куршаб айылындагы ооруканасына жардам керек» деп кайрылган кесиптешинин айткандары «чындыкка жатпайт» деп видеокайрылуу жарыялады. Буга чейин Куршаб ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Гүлмира Өмүржанованын жардам сураган видеокайрылуусу интернетте тараган.

Дарыгер: Пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатат 

Azattyk.org 

Учурда Кыргызстанда пневмониянын 95% коронавирус козгоп жатканын Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиев "Азаттыкка" билдирди. Ал буга чейин коронавирустан көз жумган бейтаптын сөөгүн ачканга катышкан.  "Кадимки пневмонияда өпкө жөн эле кагынат. Коронавирус козгогон пневмонияда майда тамырларга чейин кан уюп калат экен. Өпкөнүн көп бөлүгү жабыркап, адам өз алдынча дем ала албай калат. «Мен жөн эле пневмония болуп жатам» деп адамдар өзүн-өзү алдабашы керек. Мунун баары коронавирус инфекциясы". Читать дальше...

Жардамга даяр мекендештер

Azattyk.org 

Кыргызстанда пандемия маалында ири ишкерлерден баштап, ардагерлер, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин башкаларга жардам берип жатышат.

СOVID-19: Аймактардагы стационардык борборлор

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.



Республикалык штаб: облус, шаар аралык коомдук транспорттор токтоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык облустарында 9-июлдан тарта облустар аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб билдирди. Штаб чектөөнүн мөөнөтүн так кабарлаган жок. Чектөөлөр Кыргызстандын аймактарында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө боло турганын маалымдады.  Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусуна жана пневмонияга чалдыккандар акыркы убакта көп катталып жатат. Читать дальше...

Түркмөнстанда түрк дипломаты пневмониядан көз жумду

Azattyk.org 

Коронавирус катталбаганын билдирип келген Түркмөнстанда түрк элчилигинин бир кызматкери пневмониядан кайтыш болду. Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы жана түркиялык "TRT Avaz" телеканалы Ашхабаддагы түрк элчилигинин атын атабаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлашты.  Маалыматка ылайык, Түркиянын элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Кемал Учкун 7-июлдан 8-июлга караган түнү көз жумган. Ашхабаддагы элчиликте 2018-жылдын башынан бери иштеп жаткан Учкун өпкөсү сезгенип, жөтөл жана дене... Читать дальше...

Сербия коменданттык сааттан баш тартты

Azattyk.org 

Сербиянын өкмөтү карантин чараларынын кайрадан киргизилишине каршы эки күндүк демонстрациялардан кийин коменданттык саат киргизүү чечиминен баш тартты. Бирок эпидемияны токтотуу үчүн бир катар жаңы чектөөлөрдү жарыялады. Премьер-министр Ана Брнавич 9-июлда билдиргендей, COVID-19 илдети кайра күчөгөн Белград шаарында имараттын ичинде болобу же сыртында болобу 10 кишиден көп адам катышкан жыйындарга тыюу салынат. Кечки саат 9дан таңкы 6га чейин жабык имараттарда иштөөгө болбойт. Парктар сыяктуу... Читать дальше...

Муфтият: Мечиттер жабылбайт, жума намазы убактылуу токтотулат

Azattyk.org 

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болду. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алды.   Муфтияттын маалыматына караганда,коронавирустун жайылышы кооптуу болуп жатканына байланыштуу беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берет. Жаназа намаздарын маркумдун жакын туугандарынын... Читать дальше...

Өзбекстанда ооруканаларда бош орун калбады

Azattyk.org 

Өзбекстанда 10-июлдан тарта 1-августка чейин карантин чаралары кескин күчөтүлөрү жарыяланды. Мындан ары жол кыймылы чектелип, аш-тойлорго тыюу салынат. Ал эми буюм-тайым базарлары жабылат.

Коронавирус: Кыргызстан кырдаалдан кантип чыгат?

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус кризиси кайра күчөп, соңку маалда күн сайын ондогон адам өмүр кыйылып жатат. Эл дүрбөлөң түштү. Дары-дармек, ооруканада орун жана медиктер тартыш. Мындай абалдан чыгуунун жолу кандай? Адистер менен чогуу талкуулайбыз.

Сафроновдун иши: күмөн санаткан тергөө

Azattyk.org 

"Коммерсантъ" басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы журналист Иван Сафроновго кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарды Тышкы чалгын кызматынан алганын жазды.

Сеулдун мэри Пак Вонсундун дайыны чыкпай жатат

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулдун мэри Пак Вонсун дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Associated Press» кабар агенттиги баштаган бир катар эл аралык маалымат каражаттары жазды. Учурда Кореяда мэрди издөө иши жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бүгүн Пак Вонсун кызына аудио билдирүү жөнөткөн. Кызы «керээз болушу мүмкүн» деп мүнөздөлүп жаткан бул билдирүүнү алгандан 4-5 сааттан өткөндөн кийин полицияга кайрылган. Полиция билдиргендей, акыркы жолу мэрдин телефону Сеулдун Сунбук конушундагы чакан дөбөдөн сигнал берген. Читать дальше...

Депутат Акаев: Коменданттык саатсыз өзгөчө абал жарыялап, шайлоону токтото туруу керек

Azattyk.org 

Депутат Жанарбек Акаев парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду өлкөдөгү абалды талкуулаш үчүн Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чогултууга чакырды. Бул тууралуу депутат 9-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда айтты. Депутат парламенттик шайлоого бюджеттен 526 миллион сом, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 21 миллион сом кетерин айтып, эпидемия учурунда дары-дармек жана аппараттар жетишпей жатканда мынча акчаны шайлоого коротуу орунсуз экенин белгиледи. Акаев, ошондуктан... Читать дальше...

Пандемияда милдетин унуткан парламент

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарыканаларды кыдырганын  коомчулук сынга алды. Бир катар жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын тизмектеп, депутаттарды кезексиз жыйынга чогулууга чакырып жатышат.


Музыкальные новости
Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского





Персональные новости
Николай Патрушев

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма





Балыкчы - Каракол жолунун бир тилкесин кыян алды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Ошондой эле Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда да кыян жүргөн, ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Атамбаевчил КСДП Сагынбек Абдрахмановду, БШКны айыптоодо

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы КСДПнын жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановду «парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиянын жасалма уставын, күбөлүгүн, мөөрүн жана колун пайдаланган» деп айыптоодо. Атамбаевчилер буга байланыштуу БШКга кайрылуу жолдоп, анда Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) да «партияны жасалма документтер менен шайлоого катышуучу партиялардын катарына кошту» деп сындады.  Кайрылууда КСДПнын Атамбаевди жактаган тарап парламенттик... Читать дальше...

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президентке кол коюуга киргизилди

Azattyk.org 

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам президенттин кол коюусуна киргизилди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «Азаттыкка» кабарлагандай, мамлекет башчы мыйзамга бир айдын ичинде кол коюуга же вето коюуга укуктуу. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. «Бул мыйзам... Читать дальше...

10-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

10-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19... Читать дальше...

Белгилүү котормочу, публицист Аалы Молдокановдун сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Аалы Молдоканов 69 жашында капилет келген оорунун айынан дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Өкмөт жетекчилигинин, илим жана маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтууда Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан болгону белгиленди. Белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, президентке... Читать дальше...

«Пандемия менен 5Gнын байланышы жок»

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери «бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен» деген имиштер көп таркай баштады. Бул конспирологиялык теория жакында Кыргызстанга да жетти.

Спорт в России и мире
Москва

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Концентрация песка в городском воздухе возвращается к обычным значениям





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

Калужские школьники выступили на фестивале в честь Булата Окуджавы



Москва

Актер Цыганов заявил, что занимается музыкой не ради денег

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net