"Айя София" кайра мечитке айланды
Стамбул шаарындагы "Айя София" (Ыйык София) мечитинде 86 жылдан кийин биринчи жолу азан чакырылып, намаз окулду.
Стамбул шаарындагы "Айя София" (Ыйык София) мечитинде 86 жылдан кийин биринчи жолу азан чакырылып, намаз окулду.
Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы баш консулу Эркин Сопоковго акчалай айып пул салынып, сот залынан бошотулганы белгилүү болду.
Бээжин АКШнын Ченду шаарындагы консулдугун жабууга буйрук берди. 21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жабуyга 72 саат мөөнөт берген.
24-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду.
Орусияда миңдеген мигрант ушул тапта Кыргызстанга кайтуунун жолун издөөдө. Бул өлкөдө карантин алынып, иш башталганы менен чек аралар дагы деле жабык. Пандемия маалында мекендештердин абалы жана Москвадагы элчиликтин ишмердигине айтылган сын-пикирлер тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду "Азаттык" кепке тартты.
Түркиядагы улуу памирлик кыргыз, Ак деңиз ооруканасынын кардиолог-дарыгери Аятуллах Кочак интернет аркылуу Кыргызстандагы бейтаптарды Түркиянын дарылоо протоколу менен коронавирустан дарылоодо. Ал өзү иштеген өлкөдөгү вирус менен күрөшүүнүн жол-жобосу, дарыларды колдонуунун эрежеси, ооруканалардагы тартип тууралуу айтып берди.
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун «кайсы бир фармкомпания дарыларды атайын сатпай, кампасында бекитип жаткан» деген билдирүүсү калп болуп чыкты.
Премьер-министр Кубатбек Бороновдун «кайсы бир фармкомпания дарыларды атайын сатпай, кампасында катып жаткан» деген билдирүүсү калп болуп чыкты. Финансы полициясы бул факт ырасталбаганын, кампалардан табылган дары-дармек дарыканаларга таратуу үчүн сакталып турганын кабарлады. Бирок алар кимге таандык жана дарынын көлөмү тууралуу суроолорго расмий жооп болбой, коомчулукта күдүк ойлорду жаратты. Бул өлкөдө мамлекеттик деңгээлде элге туура эмес маалымат жайылтуу катары кабыл алынып, «табылган кампалар... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп келерки айдагы Флорида штатындагы Республикалык партиянын съездин өткөрүүдөн баш тартты.
Казакстандын түштүгүндө жергиликтүү өзбектер менен казактардын калайман мушташы орун алды.
Өзбекстандык Фарида Газиева үч эм төрөлгөн балдарынын бири төрөтканада жоголгонун айтууда.
Арстанбаптык ардагер Рахманалы Базаров өз алдынча балык чарбасын түптөп, туристтик аймакка келген эс алуучуларга кызмат көрсөтүп келет. Чүй боорунан жана Казакстандан алып келип, тоо боорундагы мөңгү сууда өстүрүп жаткан форелдери азыр 3 килограммга чейин жетилип калды. Кышы узак, жайкысын кооз аймакта да балык өстүрсө болорун Базаров башкаларга көрсөтүүдө. Анын кардарлары эс алуучулар менен жергиликтүү тургундар.
Кыргызстанда пандемиянын айынан экономика кыйынчылыкка кептелип, жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калганы белгилүү болду.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш экинчи инстанцияга – Бишкек шаардык сотуна өттү.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.