Москвада Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты
Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып жатат. Ага ылайык, москвалыктардын 62,3 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун, 37,67 пайызы каршы экенин билдиришкен. Нижегород облусунда добуш бергендердин 59,69% өзгөртүүнүн колдосо, 40,31 пайызы каршы болгонун "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Дистанциялык-электрондук добуш берүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Москвада онлайн добуш берген 601 061 жаран Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон. Читать дальше...