Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 1264 адам катталды
18-июлга карата Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 (коронавирус) жана U07.2 (пневмония) чалдыккан 1264 адам жаңы катталды. Анын ичинен басымду бөлүгү Бишкекте.
Бишкек шаарында – 506,
Ош шаарында – 61
Ош облусунда – 138
Чүй облусунда – 181
Талас облусунда – 88
Нарын облусунда – 29
Ысык-Көл облусунда – 100
Жалал-Абад облусунда – 113
Баткен облусунда – 48
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны өлкөдө ушуну менен 25 047 адамга жетти.
Ал эми акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан 73 киши каза болду. Анын ичинде:
Бишкекте – 22
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 15
Талас облусунда – 2
Нарын облусунда – 7
Ысык-Көл облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 19
Баткен облусунда – 5 киши.
Пандемия башталгандан бери бул оорулардан көз жумгандардын саны 858 адамга жетти. (ZKo)