Вице-премьер Асрандиев: Карантин киргизүү планы жок
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердикти чектөө менен карантин киргизүү жалпы абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн:
“Албетте, илдетке байланыштуу абал кескин түрдө оорлоп кетти. Бирок азыр экономикалык ишмердикти да токтотуп салсак оор болуп калат. Адамдардын жегенге наны жок калат. Ошондуктан, азырынча карантин киргизүү боюнча пландар жок".
Вице-премьер учурда аймактарда бир катар санитардык чектөөлөр калып жатканын жана айрым бизнес өкүлдөрү өз алдынча ишмердигин токтотуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле акыркы кырдаалда мурдагыдай ПЧР-анализдин жыйынтыгы боюнча гана коронавирус жугузгандарды аныктоо туура эмес болуп калганын, учурда бул илдетти жугузгандар тест тапшыргандардан алда канча көбөйүп кетиши мүмкүн экенин да белгиледи.
Буга чейин коомчулукта курчуган эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантин жарыялоо зарылчылыгы айтылып жаткан. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко жана Рыскелди Момбеков азыркы кырдаал парламенттин кийлигишүүсүн талап кылат деп, кезексиз жыйын чакыруу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кат жолдогон.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин 31-июндагы кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, карантин жарыялабай кырдаалдан чыгуу мүмкүнчүлүгү барын билдирген.
Март айынан бери өпкөсүнөн кагынып ооруканага 9204 адам түштү, 571 бейтап каза болду. Пневмониянын көрсөткүчү акыркы аптада үч эсе өстү. Коронавируска жалпы 11977 кыргызстандык чалдыкты, 160 адам каза болду. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп кароодо. (BkA)