Өзбекстандын элчилиги Орусиядан жарандарын поезд менен алып кетишерин билдирди
Өзбекстандын Орусиянын Казан шаарындагы консулдугу “Коммерсанть” басылмасына жарандарын алып кетишерин 14-июлда билдирген. Маалыматка ылайык, өзбек бийлиги Самара жана Оренбург облустарында, орус-казак чек арасында турган жарандарын атайын поезд менен алып кетмекчи. Консулдук учурда бул маселе тууралуу Орусиянын жана Казакстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.
Өзбекстандын эки миңден ашуун жараны Самара облусунун Большая Черниговка айылында жана Оренбургдагы Бузулук районунда топтолгон. Алардын көпчүлүгү Орусияда жумушсуз жана акчасыз калганын айтышууда.
Мигранттар эки жумадан ашык убакыттан бери талаада чатырларда жашап жатышат. Лагерде эч кандай шарт жок.
Июль айынын башында мигранттар Казакстан менен чек аранын ачылышын талап кылып, жол тосууга аракеттенишкен. Бирок союл менен куралданган полиция келип, мигранттарды тынчыткан.
18-19-май күндөрү Өзбекстан 1200 жаранын Самарадан алып чыгып кеткен. Бул үчүн өзбек бийлиги 125 миң рубль (болжолдуу 125 миң сом) сарптаганы кабарланган.