Сомалидеги жардыруудан жети киши жарадар болду
Сомалинин баш калаасы Могадишодогу порттордун биринде жанкечтинин автоунаасы жарылып, жети киши жараат алды. Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ ала элек.
Жанкечти автоунаасы менен көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүп кеткенден кийин полиция кызматкерлери машинеге карай ок жаадырышкан. Бул тууралуу Сомалинин Маалымат министрлигинин пресс-катчысы Исмаил Мухтар билдирди. Эки полиция кызматкери жана бир нече жай тургун жарадар болду.
Адатта бул чөлкөмдөгү мындай кол салууларды “Ал-Каида» террордук тобуна байланышы бар «Ал-Шабаб» экстремисттик уюму уюштуруп жүрөт. Аталган топ бир нече жыл мурда Могадишодон сүрүлүп чыгарылган. Ага карабай деңиз жээгиндеги мейманканаларга чабуулдарды уюштуруп келет. Сомалиде 1991-жылдан бери жарандык согуш токтой элек.