Үй-бүлөлүк саламаттык боюнча алгачкы кыргызча тиркеме чыкты
Үй-бүлөнүн ден соолугуна кам көрүү боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы мобилдик тиркеме иштелип чыкты.
28-январда Бишкек шаарында “Ага Хан Фонду” жана республикалык Ден соолукту чыңдоо борбору даярдаган “Саламат” тиркемесинин презентациясы өттү.
Тиркемеде балага кам көрүү, анын өнүгүп өсүү нормалары, сөзсүз алынуучу вакциналар тууралуу суроолорго жооптор, ар кандай коркунучтарды алдын алуу боюнча сунуштар камтылган.
Бул тиркеме андроид платформасынын негизинде бардык мобилдик телефондордо, онлайн жана офлайн түрүндө кыргыз, орус тилдеринде акысыз иштейт.
Демилгечилердин айтымында, тиркеме өзгөчө кыргыз тилинде саламаттык боюнча маалымат жетишсиз болгон элет тургундары үчүн пайдалуу. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин толук экспертизасынан өткөн.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда оорулардын саны боюнча дем алуу, экинчи орунда тамак сиңирүү органдарынын илдеттери турат. (RK)