Ооган күчтөрү учак кыйраган аймакта талибдер менен кагылышты
Ооганстандын бир күн мурда АКШнын аскердик учагы кыйраган Газни провинциясында коопсуздук күчтөрү менен "Талибан" кыймылынын жоочулары кагылышты. Бул маалыматты ооган өкмөтү да, талибдердин өкүлдөрү да ырасташты.
Провинциянын жергиликтүү полициясынын башчысы Халид Вардактын айтымында, учак кулаган жерге бараткан коопсуздук кызматкерлери талиб жоочуларынын буктурмасына кабылышкан.
Кошмо Штаттардын армиясы "Bombardier E-11A" учагы Газни провинциясынын Дех Як районунда кыйрап түшкөнүн ырастап, бирок аскердик учакты "талибдер атып түшүрдү" деген маалыматты четке каккан. Бирок Пентагон учактын бортунда канча адам бар экенин так айткан жок.
Буга чейин Газни провинциясынын бийлигинин өкүлдөрү «Ariana Afghan Airlines» аттуу мамлекеттик компаниянын 83 жүргүнчүнү салып бараткан учагы талибдер көзөмөлдөгөн аймакта кырсыктаганын айтып чыгышкан. Бирок аталган компания бул маалыматты четке каккан.