Пакистанда пуштун активисттин кармалышы нааразылык жаратты
Пакистандын Карачи, Исламабад сыяктуу бир нече аймагында пуштундардын укугун коргогон активисттин кармалышына каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. «Пуштундарды коргоо кыймылы» аттуу жарандык уюмдун башчысы Манзур Паштинди колдогон акциялар 28-январда Ооганстандын айрым шаарларында да өттү. Кабулда Пакистандын элчилигинин алдында топтолгон жоон топ адам активисттин бошотулушун талап кылышты.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани активист Паштиндин кармалышына тынчсыздануусун билдирип, чөлкөмдөгү өлкөлөр "тынчтыкты алга сүрөгөн жарандык кыймылдарды" колдошу керек экенин айтты. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги ооган лидеринин бул билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалады.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хьюман Райтс Уотч" уюму Пакистандын бийлигин пуштун активистине тагылган айыптарды токтотууга үндөдү.
«Пуштундарды коргоо кыймылынын» башчысы Манзур Паштин 27-январга караган түнү Пешавар шаарында кармалганын полиция ырастаган. Ага "мамлекетке каршы кастыкты козуткан" деген сыяктуу бир нече айып тагылып жатат.
2018-жылдан бери иштеп жаткан «Пуштундарды коргоо кыймылы» Пакистан армиясынын өлкөнүн түндүк-батышындагы операцияларын кескин сынга алып, миңдеген адамдар катышкан митингдерди өткөрүп келген. Армия уруулар байырлаган бул аймактарда согушкерлер бар экенин билдирип жүрөт.