UFC: Макгрегор 40 секундда Серронени нокаутка жөнөттү
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроненин мушташы көпкө созулган жок. Макгрегор биринчи айлампада эле демилгени колго алып, Серронеге үстөккө-босток чабуул коюп, жерге кулатты. Андан соң каршылашына сокку жаадырган ирландиялык мушкердин аракетин калыс токтотууга аргасыз болду жана жеңишти Конор Макгрегорго ыйгарды.
Бул беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп, UFC 246нын эң кызыктуу таймашы болот деп белгиленген эле.
Буга чейин UFC президенти Дана Уайт эгерде Конор Макгрегор мушташтан жеңсе, орусиялык Хабиб Нурмагамедов менен кайрадан беттешүүгө мүмкүнчүлүк аларын билдирген. Буга чейин Макгрегор орусиялык мушкерге утулуп калган.
Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагамедов эми 18-апрелде америкалык Тони Фергюсон менен мушташмакчы. (SDz)