Аба ырайы: кар жаайт
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 17-январда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° болот.