Лавров: Ливия боюнча сүйлөшүүдө «жылыш» болду
Лавров белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен түзүлгөн Ливиядагы Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен Ливия парламентинин өкүлү кырдаалды жайгаруу боюнча документке кол коюшту. Ал эми өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп атап алган топтун башчысы, генерал Халифа Хафтар «шейшембинин таңына чейин ойлонууга убакыт алды».
Мурдараак Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы жаатташкан тараптардын Москвадагы сүйлөшүүсү «оң багытта» өтүп жатканын белгилеген. Ал Анкара Ливияда орус президенти Путин менен Эрдогандын чакыруусуна ылайык күчүнө кирген ок атышпоо режимин турукташтырууну көздөп жатканын айтты.
«Reuters» агенттиги Ливиядагы жаатташкан тараптардын лидерлери Москвада жолугушканын кабарлаган. Кийин жолугушууга лидерлер эмес, тараптардын өкүлдөрү гана катышканы маалым болду.
